дерево (общее название: растущее, срубленное, древесина; ср. дарак); кара жыгач карагач; сары жыгач барбарис (растение; ср. бөрү карагат, см.карагат); ат жыгач название одной из частей мельничного оборудования; үй жыгач дерево, необходимое для постройки юрты; жыгач түшүрдү этн. угощение, которое даёт жених аулу невесты за 15-20 дней до увоза её в свой аул; жыгач уста то же, чтожыгаччы; жыгач үй деревянный дом.
зат. 1. Катуу сөңгөктүү жана бутактуу көп жылдык өсүмдүк, бак.Мөмө жыгачтары. Алма жыгачы. Тыт жыгачы. Адам көркү чүпүрөк, жыгач көркү жалбырак (макал).
2. Ушундай өсүмдүктөрдүн курулушта, ар түрдүү буюмдарды жасоого жана отун катарында пайдаланыла турган сөңгөгү, андан иштетилип алынган материалдар. Үйдүн жыгачын, башка материалдарын камдап койдук. Жыгач отун. Жыгач табак. ¨ Атжыгач — тегирмен жабдууларынын бир бөлүгү. Окжыгач— кош ат чегилген арабанын алдынкы огуна бекитилип, аттардын ортосун бөлүп турган узун жыгач. [Чаргын].. арабанын ок жыгачын сууруп келди (Сыдыкбеков). Кашекжыгач — рама. [Мышык].. тырмактарын жаза тытыратып, терезенин кашек жыгачын тырмады (Сыдыкбеков). Сарыжыгач— бөрү карагат мөмөсүнүн жыгачы, ушул мөмөнү берүүчү бадал.
ЖЫГАЧ — Орто Азия элдеринде колдонулуп келген аралык өлчөмү. Бабурдун жазгандары боюнча бир жыгач 10—11 км аралыкка туура келген. Ал Анжыян менен Оштун ортосу төрт жыгач деп жазган. Бул шаарлардын аралыгы азыр 45 км деп белгиленет. Эпосто да аралык өлчөмү маанисинде учурайт.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюм-тайым кармоонун жердиги. Күнөстүү кыргыз жергесинде жыгачтын түрлөрү арбын. Аларга: арча, карагай, кара жыгач, кайың, тал, терек, ак чечек жана жемиш бак-дарактары: өрүк, жаңгак, тыт, алма, алча өңдүүлөр кирет. Булар ар кандай көркөм буюм-тайымдарды жасоо үчүн чеберлерге укмуштай бай негиз боло алат.
Байыркы түрк тилинде йагыч түрүнө жарыш йагач варианты да колдонулган. Мунун эң алгачкысы йагач деп эсептесек, анда анын уңгусу йак болот да, азыркы от жак дегендеги жак этишине туура келет. Жалпысынан йагач сөзү алгач «отко жага турган отун» маанисин берген сөз болгон.Алгачкы йагач түрүнөн жыгач болуп өзгөрүшү менен, мааниси да күңүрттөнүп, кандай маанидеги сөз экени билинбей калган.
1. Сөңгөктүү келип бутактанып, айрым-айрым өзүнчө түп алып чыгуучу карагай, кайың, тал, алма сыяктуу бийик өсүүчү өсүмдүктөрдүн, ошондой эле сөңгөгү бир кыйла жоон келип бадал түрүндө чыгуучу көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты, бак-дарактарга карата колдонулуучу жалпы ат, бак. Адам көрүп тааныгыс, Ар жыгачтын баары бар (Токтогул). Орноптур токой совхозу, Бапестеп баккан жыгачты (Үмөталиев). Байчечекей гүлдөгөн, Жыгачтын баары бүрдөгөн (Тоголок Молдо). Мөмө жыгачынын эң картаң дегени береги алма жыгачы (Сыдыкбеков). 2. Ушундай өсүмдүктөрдүн устун, тактай ж. б. түрүндөгү ар кандай керектөөлөргө жумшалуучу, эмеректер жасалуучу, оттун жана курулуш материалдары катарында колдонулуучу бөлүгү. Таштанбек чал сарайчасынын алдына барып көпкө чейин жыгачтан жыгач тандады (Убукеев). Ийри жыгач түз болот, тезге салып мордосо (макал). Эңкейип чок үстүнө жыгач таштап, Олтурат эки койчу маектешип (Шүкүрбеков). || Нерселердин, буюмдардын ж. б. ушундай материалдан жасалгандыгын, тегин билдирүүдө колдонулат. Эки лом, беш жыгач күрөк даярдагыла (Жантөшев).
Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускал5ры азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн эмки муундар музейлерден учуратууда. Жыгачтан көркөм буюмдарды жасоо салттарын, айрыкча, жемиш-дарактарынын чордону Түштүк Кыргызстандын аймагынан бир аз табууга болот. Жыгач оюмдары элибиздин кол өнөрчүлүгүнүн көркөмдүктү көздөгөн башка чыгармачылык түрлөрү менен бөтөнчө байланышта көрүнөт. Мындай үндөштүктөр, төтөн, кийиздин, темирдин беттерине түшкөн оюм-чийимдерден даана көрүнөт. Жыгачка гана таандык кооздуктун өзүнчө касиети бар. Мында чебер менен жыгачтын, адамзат жана жаратылыштын бири-биринен ажырагыс мыйзам ченемдүүлүгү бар. Жыгачты иштетип жатканда буркураган аромат жыт уруп, кандай оюм-чийим түшөөрүн өзү айтып турат.
Кудалаган кызды алып кетердин алдында узак мөөнөткө шаан-шөкөт менен берилүүчү тойдун керектүү чыгымдарын күйөө бала тараптан кыздын атасынын айлына ташып келүү. Арадан ай өтпөй кудалар жыгач түшүрүштү (Сыдыкбеков). Аа мен кудалап, жыгач түшүрүп, эсиртпейм, -дейт Адыке (Сыдыкбеков).
Күйөө баланын атасы тарабынан даярдалган боз үйдүн сөөгүн колуктунун айылына жеткирүү салты. Кудалаган кызды алып кетердин алдында узак мөөнөткө шаан-шөкөт менен берилүүчү тойдун керектүү чыгымдарын күйөө бала тараптан кыздын атасынын айлына ташып келүү. Аны кой эти, боорсок ж. б. татымалар менен күйөө бала жана анын ата-энеси коштоп барган. Калыйчанын кайыны эми кызды алганы жыгач түшүрүп кетишти (Сыдыкбеков). Арадан ай өтпөй кудалар жыгач түшүрүштү (Сыдыкбеков). Аа мен кудалап, жыгач түшүрүп, эсиртпейм, – дейт Адыке (Сыдыкбеков). В.: Жыгач жүктөө. Менин кайним багыш Байназар Жыгач жүктөп, мал айдап, Үй-жай келген тоюнда (Үсөнбаев).
(жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» — комузду, кыякты, чоорду, тактекени, добулбасты, жыгач ооз комузду, темир комуздун кутучасын жасайт. Европа элдеринде жыгаччыларды «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» деп даңазалап, чеберчиликтерин дааналап бөлөт. Кызыл жыгаччы — өнөрдүн эң жогорку чеги. Мындай мамиле чыгармачылыкты, өнөрдүн өсүшүн, ага жасалган камкордукту далилдейт. Биринен бири үлгү алып, устасынан ашып түшкөн шекирттери жыгаччылыктын суусун ичкен айлакер чеберлер болуп саналат.
зат.Жыгач устасы, жыгачтан ар кандай буюмдар жасаган адам. Жыгаччы болгон адамга, Сыйда сулуу тал жакшы («Мендирман»).Жыгаччынын белгиси Ийрини тезге түзөгөн (Осмонкул).
элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Ар бир жыгачтын өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет. Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк бычакты да майтарат. Эгер ошондой жоондугу бирдей алма жыгачын эки таштын ортосуна коюп урса, ал чорт сынбай, узунунан жарака кетип, кайыштай толгонуп, былчыйып туруп алат. Кыймылда турганда түбөлүктүү, чыдамдуу келгендиктен андан суу тегирмендин барасы жасалат. Кайың да катуу жыгачтардан болот. Анын сырткы кабыгы кадимки тери менен резинага окшошот. Бирок, алма менен өрүк жыгачтарына караганда мындан кылган колдонмо буюмдар жана идиш-аяктар үч эсе оор келет. Тал орточо катуулуктагы жыгач. Бутактары аз болуп, ага көркөм оюм-чийим түшүрүү да оңой. Өрүк-жыгачтын эң көркөмү. Бетине чабылган алтын-күмүш шөкөттөрүнө өзүнүн жердиги айкалыша түшөт. Өрүктүн өз өңүн буруш үчүн илгери чеберлер чекенди, арча, четинди сыяктуу түтүнү «ачуу» өсүмдүктөрдүн күлүн сыйпоочу. Адегенде кургак күлдүн өзүн да, анан аны сууга чылап чайкап, өрүктүн өңүн бурушкан. Азыркы чеберлер ага акиташ сыйпайт. Ошондой эле өрүккө май сыйпап, отко койсо, ал кызарып, улам майды сиңирген сайын өрүк каракочкулдана, күрөң өндөнөт. Бирок, комуздун үнүнө мындай ыкма тескери таасир этет. Шилби өтө катуу болот. Анын жекече касиети анча байкалбагандыктан мындан чүлүк, үзөңгү сыяктуу гана аз санда буюмдар жасалган. Табылгы-жыгачтын эң катуусу. Даана кургаган ага бычак да, араа да өтпөйт. Өзүнүн атайын боеп койгондой, такыр өзгөрбөгөндөй түбөлүктүү өңү бар. Ошондуктан, табылгыдан камчыга сап, кыяктын жаасы жасалат. Жыгачтын касиеттерин чеберлер бөлүп карашат. Жыгачты кургатууда жана сактоодо табигый түрдө (жак боюнча) кургатуу, кыкка көмүү, кайнатуу, кабыгы менен, кабыгын аарчып кургатуу, күндө жана көлөкөдө кургатуу өңдүү жолдору бар. Жыгачтарды жик боюнча жарууда анын түндүк, түштүк, батыш, чыгыш тараптарын чеберлер эске алышат. Чеберлердин жыгачтардын морттугун, борпоңдугун, чымырдыгын, катуулугун, чарымдуулугун, бутактуулугун, чайырдуулугун, майлуулугун карап, ошого карата буюмдар жасалат. Ооба казык учтайбы, ийикке сап кылабы, сабоо кыябы, токмок чабабы, түпкүч ийеби — баары бир жыгаччынын колунан өтөт. Жыгач буюмдары жашоо-турмуш ыңгайына карата: боз үйдүн жыгачы (сөөгү), тиричилик эмеректери, ашкана жана аземдүү буюмдар болуп төрткө бөлүнөт. Ар бир жыгачтын өзүндө жекече иштетүү касиети бар. Мисалы, карагай, кайың, липа, алма, кара жыгач, өрүк өңдүүлөр ич ара айырмаланышат. Карагай, кайың сыяктуулардын табияты иштетүүгө жеңил болот. Булардын бетине оюм-чийим түшүрүү да оңойдой туюлат. (алма, кара жыгач болсо күйгүзүү аркылуу кооздук түшүрүүгө оңтойлуу жердик.) Алма менен өрүк жыгачынын структурасы мыкты болот. Жыгачты чабуу менен кургатуунун сырларын да чеберлер мыкты билишет. Кургатуу — жыгач буюмдарынын табы, кеминде жыгач эки-үч жылы көлөкө жайда жатуусу. Ошондо аны иштетүү шарттуу келет. Төрт жыл жаткан жыгач андан бетер жакшы болот. Мында буюм баштапкы абалын сактап турат. Кээде эки-үч ай кургаса эле иштете баштайбыз. Мындай шартта бара-бара жыгачтан шек кетпей койбойт.