ЖЫГАЧ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЫГАЧ — Орто Азия элдеринде колдонулуп келген аралык өлчөмү. Бабурдун жазгандары боюнча бир жыгач 10—11 км аралыкка туура келген. Ал Анжыян менен Оштун ортосу төрт жыгач деп жазган. Бул шаарлардын аралыгы азыр 45 км деп белгиленет. Эпосто да аралык өлчөмү маанисинде учурайт.