Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Катуу сөңгөктүү жана бутактуу көп жылдык өсүмдүк, бак. Мөмө жыгачтары. Алма жыгачы. Тыт жыгачы. Адам көркү чүпүрөк, жыгач көркү жалбырак (макал).
2. Ушундай өсүмдүктөрдүн курулушта, ар түрдүү буюмдарды жасоого жана отун катарында пайдаланыла турган сөңгөгү, андан иштетилип алынган материалдар. Үйдүн жыгачын, башка материалдарын камдап койдук. Жыгач отун. Жыгач табак.
¨ Ат жыгач — тегирмен жабдууларынын бир бөлүгү. Ок жыгач кош ат чегилген арабанын алдынкы огуна бекитилип, аттардын ортосун бөлүп турган узун жыгач. [Чаргын].. арабанын ок жыгачын сууруп келди (Сыдыкбеков). Кашек жыгач — рама. [Мышык].. тырмактарын жаза тытыратып, терезенин кашек жыгачын тырмады (Сыдыкбеков). Сары жыгач — бөрү карагат мөмөсүнүн жыгачы, ушул мөмөнү берүүчү бадал.