ЖЫГАЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сөңгөктүү келип бутактанып, айрым-айрым өзүнчө түп алып чыгуучу карагай, кайың, тал, алма сыяктуу бийик өсүүчү өсүмдүктөрдүн, ошондой эле сөңгөгү бир кыйла жоон келип бадал түрүндө чыгуучу көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты, бак-дарактарга карата колдонулуучу жалпы ат, бак. Адам көрүп тааныгыс, Ар жыгачтын баары бар (Токтогул). Орноптур токой совхозу, Бапестеп баккан жыгачты (Үмөталиев). Байчечекей гүлдөгөн, Жыгачтын баары бүрдөгөн (Тоголок Молдо). Мөмө жыгачынын эң картаң дегени береги алма жыгачы (Сыдыкбеков). 2. Ушундай өсүмдүктөрдүн устун, тактай ж. б. түрүндөгү ар кандай керектөөлөргө жумшалуучу, эмеректер жасалуучу, оттун жана курулуш материалдары катарында колдонулуучу бөлүгү. Таштанбек чал сарайчасынын алдына барып көпкө чейин жыгачтан жыгач тандады (Убукеев). Ийри жыгач түз болот, тезге салып мордосо (макал). Эңкейип чок үстүнө жыгач таштап, Олтурат эки койчу маектешип (Шүкүрбеков). || Нерселердин, буюмдардын ж. б. ушундай материалдан жасалгандыгын, тегин билдирүүдө колдонулат. Эки лом, беш жыгач күрөк даярдагыла (Жантөшев).