ЖЫГАЧ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде йагыч түрүнө жарыш йагач варианты да колдонулган. Мунун эң алгачкысы йагач деп эсептесек, анда анын уңгусу йак болот да, азыркы от жак дегендеги жак этишине туура келет. Жалпысынан йагач сөзү алгач «отко жага турган отун» маанисин берген сөз болгон.Алгачкы йагач түрүнөн жыгач болуп өзгөрүшү менен, мааниси да күңүрттөнүп, кандай маанидеги сөз экени билинбей калган.