Өзүн өзү токтото албай болк-болк эткен көрүнүштү, мисалы, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлагандыгы, боргулданып тердегендеги абалды көрсөтүүдө колдонулат. Болок-болок ыйлоо.
1. обильно литься (гл. обр. о поте, слезах); Темир болоктоп тердеп алган Темир обливался потом; болоктоп ыйла- плакать, проливая обильные слёзы, заливаться слезами; 2. (о сытом, стройном коне) энергично, бодро двигаться; тору кашка да эки кулагын типтик көтөрүп, болоктой басты и лысый гнедой, подняв уши, бодро шёл крупным шагом.
Анча-мынча, бир аз, биртике, майда-чүйдө. Кара жанын кайтарып, Болор-болбос жай алган («Семетей»). Шамбеттин колундагы кармаган чоң кагаз болор-болбос дирилдеп коёт (Сыдыкбеков).
Иш бүтүп калды, болушунча болду, башкача өзгөртүүгө мүмкүн өмес, башка айла жок деген мааниде. Болору болуп, боесу канган соң, Сүйгөн кур алаканын жаныды (Бейшеналиев). Тезекбайым, болору болуп боесу канды. Колдон келер чара жок (Бейшеналиев).
Иш бүтүп калды, болушунча болду, башкача өзгөртүүгө мүмкүн эмес, башка айла жок деген мааниде. Болору болуп, боесу канган соң, Сүйгөн кур алаканын жаныды (Бейшеналиев). Тезекбайым, болору болуп, боесу канды. Колдон келер чара жок (Бейшеналиев). В.: Болору болуу. Ашырбай болору болду деп отурду (Үмөталиев). – Мына, болору болду. Эми атама ачык сүйлөшөлү (Каимов).
Ишти тиешеси бар адамга билгизбей, анын оюндагыдай эмес башкача бүтүрүп коюу, өз билгендей жасоо. Менин сыртымдан бычып, болорун болтуруп, боесун кандырыпсың (Бейшеналиев).
Ишти тиешеси бар адамга билгизбей, анын оюндагыдай эмес башкача бүтүрүп коюу, өз билгендей жасоо. Менин сыртымдан бычып, болорун болтуруп, боёсун кандырыпсың (Бейшеналиев).
ир. сталь; булат; болсоң болоттой бол погов. уж если быть, так будь как сталь; болот кылыч булатный меч; өз болотун мокотуп, өз тууганын жоготуп фольк. меч свой затупив, своих родичей потеряв.
БОЛОТ — Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.)— делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Жакып эл чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке Манас менен бирге келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан Аккуланы сатып алгандагы эпизоддо катышат.
Темир менен бир аз углероддун кошундусунан пайда болгон өтө катуу, курч металл. Болот эритүү. Болоттон жасалган кылыч. || Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Балаңа калды мүлк болуп, Болоттон соккон барсканың (Тоголок Молдо).
р. полотно (белое); жер бетинде болотнайдай ак кар тегиз жатат на земле лежит ровный, как полотно, белый снег; бат эле болотнай сыяктанып өзгөрүлө түштү он вдруг изменился (побледнел), как полотно.
«Пахтадан токулган ак кездеме. Жаӊы болотнайдан шейшеп жасады» (КТС 2010:244). Бул – орус тилиндеги полотно деген сөз. Ысык-Көл говорунан кездешет. (Мукамбаев 2009:243).
отвл. отболот; болоттугу билинип, сынып кетпей сыр айза, түпкүч болуп ийилип фольк. выявилось, что копьё стальное, оно не сломилось, согнувшись в кольцо.
Алдыда боло турган иш, алдыдагы мезгил, келечек. Артель иши болочоктун булагы (Токомбаев). Сүйлөшүү, учурашуу жайынча эмес, Табымдын болочогун талкуулашты (Турусбеков). || Боло турган, келечекте болуучу. Чолпонбай болочок жыргалдуу турмушту көз алдына келтирди (Жантөшев). Колхозчулардын камкор колдору менен болочок кышка даярдалган чөп үймөктөлдү (Абдумомунов).