Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерседен арыштап өтүү; секирип өтүү. Карыя жөөктөн ылдам аттады (Аалы). Рельстен рельсти аттап, бир киши келе жатты (Сасыкбаев).
  1. 2.                  Кере кадам шилтөө, басуу. Акман эми салмак аттап, безилдеген Какылдакка утурлады (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  өт. Белгилүү бир чектен (жаштан) өтүү. Жашы алтымышты аттаган абышка.

Ала кылын аттабоо — эч жамандык кылбоо, кара санабоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
атта- I
шагать, перешагивать; прыгать, перепрыгивать;
аттап өттү он перепрыгнул;
ашы бар аяктан аттаба погов. не перепрыгивай через чашку с пищей (не пренебрегай - пригодится);
алтымышты аттаган абышка старик в возрасте за шестьдесят;
башты атта- или баштан атта-
1) перепрыгнуть через голову (поверженного противника);
басып алмай бар деген, баш аттамак жок деген фольк. (в условии борьбы) было сказано, что (побеждённого) притиснуть можно, но через голову прыгать нельзя;
бул эмне кылганы? баатыр Жолой канымдын башынан аттап турганы! фольк. что же это он делает? он перепрыгивает через голову хана моего, богатыря Джолоя!;
2) перен. унизить, опозорить;
башымды аттабасын... чтоб он меня не опозорил, не унизил;
тузуна кара санап, башынан аттап башкага тийип кетти заплатив ему неблагодарностью, опозорив его, вышла за другого;
аттап-буттап легко, без затруднений (перепрыгнуть, перейти);
ок аттаган катын этн. целомудренная женщина (см. аттат-).
атта- II
аттап-тондоп см. тондо-.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бир нерседен секирип өтүү» маанисин берген бул сөз алгачкы ат+та дегенден келип чыгат. Мындагы ат уңгусу — азыркы «кадам» маанисиндеги сөз (Севортян, 1974, 322). Ага этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганганда атта этиши келип чыгып, ал «кадамдоо» дегенге жакын маани берген. Кийин ал жалаң «секирип өтүү» маанисин билдирип, алгачкы маанисинен алыстап кеткен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кадамды кере шилтөө, кере шилтеп басуу. Акман эми салмак менен аттап, безилдеген Какылдакка утурлады (Сыдыкбеков). Бугудай мойнун бурады, Бурулбай аттап чуркады («Эр Төштүк»). 2. Бир нерсенин үстүнөн (мис. арыктан) арыштап өтүү, арыштап секирүү. Кырсык болсо, арык аттабай бут сынат (Сыдыкбеков). Рельстен рельсти аттап, бир киши келе жатты (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
место или препятствие, через которое нужно прыгать (напр. узкое место речки);
силер аттаган аттамактан мен деле аттайм там, где вы перепрыгивали, я тоже прыгну;
аттамактан жаздым аттап алып, сууга агып кетти он сделал неловкий прыжок, и его унесло водой.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Биринчи сап менен үчүнчү, экинчи сап менен төртүнчү сап үндөштүктү түзгөн уйкаштык. Тирүүлөй кеткичекти жоо колуна, Ажалдын ачуу тузун таткан жакшы. Душмандын чыдагыча кордугуна, Мекендин турпагында жаткан жакшы! (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»).
  1. 2.                  Жөнөө. Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Күрөшкө, кандайдыр бир ишке чыгуу, бет алуу. Ызырынган зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).

Аттанып түшүү — иштин жөнүн жакшы билүү. Өңгөнү билбейм, анан малдын оорусуна калганда, аттанып түшөм го! (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. садиться верхом на лошадь;
2. выступать в поход; отправляться в путь;
3. перен. вознамериться; принять решение;
жөн эле түшүп аттанат для него пара пустяков; он это в два счёта сделает;
аттан! на коней! (предупреждение о приближении опасности);
дүйнөдөн аттан- покинуть этот свет (умереть).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»). Кулсар аттанган жатып, чоң жолдун боюна токтогон машинаны көрдү («Кыргызстан аялдары»). 2. Бир жакка карай жөнөө, жолго чыгуу, жолго камынуу. Айткын Салык, балдар үйүңөн качан аттанды эле? (Каимов). Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков). 3. Кандайдыр бир ишке бет алып чыгуу, көздөгөн максатка жетүүгө, аткарууга киришүү. Зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от аттан-
1. сажать или подсаживать на коня;
конокту аттандыр подсади гостя на лошадь, помоги гостю сесть на лошадь;
аттандырып, колтуктап көтөрүп өзу мингизип фольк. взяв под мышку и приподняв, сам посадил на коня;
2. снаряжать в путь, в поход;
кыз аттандыр- отправлять невесту в дом жениха.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от аттан-,
то же, что аттандыр-;
калың кара кошунун, аттантып алды жабылтып фольк. несметное войско своё он снарядил и двинул массой;
аттантты биздин айыл он беш жигит, ичинде боз ала баш эң жашы - мен стих. наш аул снарядил пятнадцать джигитов, среди них самый молодой и зелёный я;
Айсулуу кушун алып берип, өзүн аттантып жиберди Айсулу подала ему ловчую птицу и подсадила на коня.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тектикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тетикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от атта- I
заставить шагать, прыгать, перепрыгивать;
аттатып оку- читать с пропусками, перескакивая с одного места на другое;
катынга ок аттат- этн. заставить (целомудренную) женщину прыгать через раненого (от этого, по поверью, пуля выпадает из раны);
алып келгин Чүрөктү, ок аттатып калалык, аттаган огу түшпөсө, Чурөктү мууздап салалык фольк. приведи сюда Чурек, велим ей перепрыгнуть (через раненого); если пуля не выпадет, мы её зарежем (значит, она не целомудренна);
кылычтын мизин аттат- этн. заставить (мальчика) перепрыгнуть через меч, обращённый остриём вверх (это якобы передаст мальчику качества меча);
убалым аттатпасын! чтоб мои (нанесённые мне) обиды шагу не дали ступить!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. нескл. дип.
атташе (бир иш жагынан специалист катарында дипломаттык өкүлдүккө жиберилген официалдык адам);
военный атташе согуштук атташе;
торговый атташе соода атташеси.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТТАШЕ (фр. attache , сөзмөсөз – бирөөгө бекитилген) – 1) дипломатиялык кичи кызмат орундарынын бири. КР ж. б. биркатар мамлекеттердеги дипломатиялык кичи даража; 2) кайсы бир тармак боюнча адис катарында дипломатиялык өкүлчүлүккө кирген ырасмий адам (м.: аскер А-си, басмасөз-атташе).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТТАШЕ (фр. attache , сөзмөсөз – бирөөгө бекитилген) – 1) дипломатиялык кичи кызмат орундарынын бири. КР ж. б. биркатар мамлекеттердеги дипломатиялык кичи даража; 2) кайсы бир тармак боюнча адис катарында дипломатиялык өкүлчүлүккө кирген ырасмий адам (м.: аскер А-си, басмасөз-атташе).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дипломатиялык кенже даража. 2. Элчиликтеги жана миссиялардагы дипломатиялык курамдын кызмат адамы. Кандайдыр бир башка (дипломатиялык эмес) мекеменин атайын тармак боюнча катарында элчиликтерге же миссияларга жиберилген өкүлү. Аскердик атташе. Соода атташеси. Пресс – атташе.