кошок I
1. ряд овец, коз, связанных за шею друг с другом;
коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт погов. у страха глаза велики (букв. испугавшемуся (всё) двойным кажется, а с тем, что к нему привязано, пятерным кажется);
2. перен. жена.
кошок II
этн.
заплачка, причет (оплакивание в стихах умершего или невесты, когда её отправляют в аул жениха).
I зат. Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кошок кошуу. Кошок айтуу.
КОШОК II зат. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, Кулундар да агытылды («САЖИ»). Короо-короо кой айдап, Кошогу менен саткан көп (Осмонкул).
КОШОК — дүйнөдөн өткөн адамга карата өкүнүү, күйүнүү, жакындык сезимин билдирүү менен муңдуу аткарылган кайгылуу ыр. К-тун элдик оозеки чыгармачылыктагы эң байыркы жанрлардын бири экендигин К., керээз түрүндө айтылган сөздөрдөн турган байыркы энесай-орхон жазуулары да далилдеп турат. Кыргыз элинде К. илгертен кеңири таралган, азыр да учурайт. Ал эми «Манас» жомогунда баатырлар өлгөндө жесирине тул салдырып берип, алтымыш кошокчу аял кошуп берип, аза күткөнү айтылат; Мисалы, Манас өлгөндө «Алтымыш катын кошокчу Тул түбүндө Акылай Баягы кайран жеңең Каныкей, Боздоп турду буркурап. Кошуп эле турат чыркырап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 13); Көкөтөй өлгөндө «Тулун туура тарттырып, Көкөтөйдүн жоктоосун Күлайымга айттырып» (Саякбай Каралаев, 2. 7). Адатта К. көзү өткөн адамга арналгандыктан ошол адамдын сапаттары, турпаты, аткарган жумушу, адамдарга мамилеси айтылган. Мисалы, «Манаста» Алмамбеттин аялы Арууке «тоодоюм», «падышам», «кабылан» деп атап кошот:
Тоодогу жылкы тогуз сан,
Тобурчак буудан аралаш,
Тосуп алар жаман ат,
Томсоруп жанды кууратпай,
Тоодоюм төрөм ала жат!
Падышам бармактайда баш кошкон,
Ошо же биттей кезде бириккен,
Канжыгаңа чала кет,
Караандаша кеткенге
Кабылан, мен чиркинди ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай бейбакты,
Кабылан, тарта кетчи койнуңа!
Отуз дайра бириксе,
Шар жериндей падышам,
Отуз тоо бириксе,
Ошондо тар жериндей падышам! (Саякбай Каралаев, 2. 224).
Адатта К-ту өлгөн адамдын ашы берилгенче айтышат. Ашты таратып бүткөндөн кийин гана жесирдин карасын алып, башка кийим кийгизишкен. Эпосто да Көкөтөйдүн ашы берилгенче аялы кара кийим кийип отурганы айтылат. Аш бергени Ташкенден көчүп чыкканда:
Алган жары Күлайым
Калдайтып кара кийгизип,
Кан Көкөтөй зыйнатын
Калайыкка билгизип,
Атанга жүгүн арттырып,
Алтымыштай катынга,
Тегиз кошок айттырып (Саякбай Каралаев, 2. 11),— жүрүп олтурушат.
Эпостогу К-тор мааниси гана эмес, формасы, түзүлүшү боюнча элдик К-го окшош жана К-тордо элдик поэзияга мүнөздүү эпикалык параллелдүүлүк, аллитерация, аксак уйкаш сыяктуу көркөм сөз каражаттыр кеңири жолугат.
3. Бектенов
Жамакчылар, ырчылар, акындар кимдир бирөөгө арнап ырдаса, ырга кошту деп коёбуз. Ошондон улам адам өлгөндө, кыз бергенде айтылган ырлар жалаң гана ошол кишиге арналат да, айтылган ырлар кошок аталат. Кош этишине зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып жасалган кошок сөзү «киши өлгөндө же кыз бергенде ырдалчу ыр» деген маани берип калган. Алтай тилиндеги буга уңгулаш кожоң сөзү, өзбек тилиндеги кошук, кара калпак тилиндеги косук сөздөрү жөн эле «ыр» деген маани берет.
Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кара кошок сөз менен Кайгыңды тартып ыйладым (Тоголок Молдо). Чачты жазып коюп, күнүгө үч маал кошок айтып үн салып ыйлашым керек (Убукеев). Атанга жүгүн арттырып, Алтымыштай катынга, Тегиз кошок айттырып («Манас»).
1. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, кулундар агытылды («Ала-Тоо»). 2. өт. Аял, жар. Сен түгөйүм, сен өмүрдүн кошогу, Антыбыз бар эстеп жүрчү ошону (Бөкөнбаев). Тагдырымды кошомун, Талабың кансын кошогум. Өмүрүмдү кошомун, өчпөсүн шамың кошогум («Эл адабияты»).
КОШОК КУРС – улуттук валютанын кундук курсун кошоктото белгилөө аркылуу жүргүзүлө турган мамлекеттик валютаны жөнгө салуу усулу: коммерциялык жана каржы аткарымдары боюнча өз-өзүнчө.
этиш. Бири-бирине коштоп байлоо, чиркештирүү. Койлорду кошоктоп койгула («САЖИ»).
1. привязывать (овец) друг к другу за шею;
2. петь; сочинять песню.
Кошок кылып байлоо, коштоо, чиркештирүү. Койлорду кошоктоп коюу. Кошоктоп байлоо.
привязанные друг к другу за шею;
кошоктолуу кош музоо
1) два телёнка, привязанные друг к другу за шею;
2) название созвездия (в народной астрономии).
взаимн. от кошокто-;
кошоктошкон алма яблоки, растущие парами или по несколько штук вместе.
этн.
женщина-импровизатор, слагающая кошок (см. кошок II); плакальщица.
зат. Кошокту кыйын билген, кошокту жакшы айта алган адам (көбүнчө аялдар). Күйгөн катын — кошокчу (макал). Кошокчу Бурма дегенди уктуңар бекен? (Аалы).
Кошокту кыйын кошкон, кошокту мыкты билген адам (көбүнчө аялдар). Кошокчулар кошуп, анын согушта көрсөткөн эрдигин айтышты (Байтемиров).
этн.
любительница слагать кошок (см. кошок II) и петь их (прим. см. ойношчул).