Киргизско-русский словарь Юдахина
1. близко; близкий;
жакын жерде близко;
күн батууга жакын солнце близко к закату;
үйгө жакын калды до дому уже близко;
жакын калдык нам уже близко, мы уже приблизились (доезжаем, доходим, заканчиваем);
жакын калыптыр, бүгүн-эртеңден келет уже скоро, не сегодня-завтра приедет;
жакында келет он скоро (в ближайшем времени, на днях) прибудет;
эң жакын милдетинин бири одна из ближайших задач;
2. свой (родной); друг, приятель;
жакын талашса, жатка жем погов. когда свои ссорятся, чужому корм;
жакын көр- считать кого-л. близким;
питать к кому-л. симпатию;
жакын или таман жакын с предшеств. дат. п. имеющий склонность, пристрастие, предрасположение к чему-л.;
тамакка жакын любитель поесть;
кызга жакыя девичий угодник;
оорууга бир таман жакын предрасположенный к заболеваниям;
жакындан бери с недавних пор.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Алыс эмес, жуук. Жакын жер. Жакын келүү. Жакын отуруп сүйлөшүү.
  1. 2.                  Аз убакыт. Келерине жакын калды.
  2. 3.                  Тууган-туушкан, куда-сөөк, дос. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Жакын талашса — жатка жем (макал).
  3. 4.                  Типтеш, тектеш, окшош, айырмасы аз. Казак тили да кыргыз тилине жакын.
  4. 5.                  Бир нерсеге шыгы бар, катышы бар. Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде жакын сөзү морфемаларга ажырабайт, анткени уңгусу же мүчөсү кайсы экени белгисиз. Байыркы түрк тилинде йак//йагу//йак//йаву варианттарында айтылган этиш болгон. Ал азыркы кыргызча «жакында, жуукта, жуу» маанисинде колдонулган (ДТС, 224, 225, 237). Мына ошол этишке -ын мүчөсү жалгануудан жакын сөзү келип чыккан. Ал эми йагу//йаву формасынан жуу этиши жаралып, андан жуук (<йагу//йаву+к) сөзү пайда болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ортодогу аралыгы жагынан алыс эмес, жуук. Жолдош Жапек жакын жерде эл жайлаган жер бар экенин билесизби? (Жантөшев). Ууз кымыздын жыты жакын олтурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). 2. Тууган-туушкандыгы жагынан жакындыгы бар, бөлөк-бөтөн эмес. Абаке, иниңмин деп айткан ким бар? Деги, айтор, жакыныңмын иши кылып (Осмонов). Жалгыз чалын тентиретпей көз салып, Жакындары баксын деди агасын (Токомбаев). 3. Достугу, жолдоштугу, мамилеси, ымалаштыгы ж. б. жагынан жакындыгы, байланышы бар. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Улуу орус баатыр эл, Боордош тууган жакын эл (Үмөталиев). 4. Сүйкүмдүү, ысык, сүйгүнчүктүү. Тоодогу түн дагы жүрөккө жакшы сезилет (Байтемиров). 3. Тектештиги, окшоштугу, жалпылыгы бар, бири-бири менен байланыштуу. 5. Мезгили, убактысы жагынан алганда жакындап калган учурду, чукулдап аз калган учурду көрсөтүүдө колдонулат. Таңга жакын Курман кош атын жетелеп алдыга жөнөдү (Убукеев). Коштошуп колун кармашып, Жакын калды жөнөргө («Курманбек»). 6. Чамасында, болжол менен, ошого барабар болгон, жете бербеген (сан, ченем, өлчөмгө карата). Эки жарым миң гектарга жакын сугат жер. Жүзгө жакын окуучу. 7. Бир нерсеге шыгы бар, байланыштуу, катышы бар, талапташ. Кадыркулдун өз атасы Ногой да малга жакын адам болгон (Каимов). Уста устага жакын (Байтемиров). Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Жакын келүү, жуук келүү, жакындыгы, окшоштугу болуу. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт.
ЖАКЫНДА II такт. Аз убакытта, тез арада, жакын аранын ичинде, бир аз мурун. Жакында өткөн съездде, Эмгекчи элдер кеңешти (Осмонкул). Жакында жайлоодо эки райондун күлүктөрүнүн жарышы болот (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чукулдап келүү, жакын аралыкка келүү. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). 2. Жакын аралыктан чыгуу, жакын арадан угулуу, туюлуу, сезилүү. Булбул үнү мурункудан алда канча жакындады (Жантөшев). Мынакей, жакындады ат дүбүртү (Бөкөнбаев). 3. Мезгили, убактысы жагынан аз калуу, белгилүү бир мезгил, убакыт, окуя ж. б. болоруна чукулдап калуу. Эл жатууга жакындап калды (Жантөшев). Жай бүтүп күз аяктап, кыш жакындап (Осмонов). Жакындаса карылык, Кетирет экен тынчыңды (Тоголок Молдо). 4 Кандайдыр бир чекке, сан өлчөмүнө жете жаздап калуу, аз калуу. Дубалдын боорундагы саатты  караса,  он экиге  жакындап  калыптыр (Байтемиров). Алтымышка жакындап, Айыл-үйдөн четтетти (Токтогул). 5. Мамилеси, өз ара катнашы, байланышы жагынан жакын болуу,  жакын  ымалада  болуу.  Жайыңды айтсаң  жакындайт  Акылы  бар  курдашка (Осмонкул).  Жаны-дили  сүйбөсө,  Жакындаба сулууга (Калык). 6. Жакындыгы, окшоштугу болуу, бири-бирине жакын келип, окшоп кетүү. Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. Бул эки чыгарма мазмун жагынан бири-бирине абдан жакындайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. жакында I этишинин кош мамилеси. Күүлөнтүп балбан атын баатыр Тиштээк Куушуруп, Аксакалга жакындашты (Маликов). 2. Бири-бирине жакындыгы болуу, катышы болуу, байланыша баштоо, жакын мамиледе болуу. Жаштар бат эле бири-бири менен таанышып, жакдашып алышат (Баялинов). Жакындашпай алыс жүр, Жандан кечкен сүткорго (Токтогул).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
proximity (noun)
A Windows feature that enables users to connect computers with a simple tap gesture or by browsing for computers within wireless range. If two computers come within 3-4 centimeters of each other, or are tapped together, the operating system of each computer becomes aware of the other computer. Also, a user can browse for computers within wireless range that are advertising for a peer connection. The user can then connect the two computers to share content such as photos or links, or create a multi-player experience. If the connection is made using a tap gesture, the user can also publish and subscribe to messages transmitted during the tap.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик. Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
  2. 3.                  Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
  3. 4.                  Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик. Силерге караганда, шаар бизге жакындык кылат. 2. Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук. Асан Сабырга жакындык кылды («Ала-Тоо»). 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. || Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык. Амантур китеп, газета журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө боор тартуу, туугансынуу, өзсүнүү, бирөөнү өзүнө тартып жакындоо, өзүн жакын саноо. Бала жакынсып калат. Дилварды аяп, жакынсып бышак, Айткансыйт көңүл келип үч убак (Абдыраманов). Жакынсып кытмыр жабышса, Тез эле кетчү зат эмес (Токомбаев).