Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ар кандай жарак, курал, шаймандар. Жабдык алып бирдик менен, Эмгекчинин камы үчүн, Пролетариат өлкөбүздү Тап душмандан сактаган (Осмонкул). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп жумушка бет алышты (Сыдыкбеков).
¨ Ат жабдыктары — ат жасалгалары (ээр-токум жүгөн, куюшкан ж.б.). Шарактап күмүш жабдык Минген жорго (Аалы). Жабдыктын көркү жоргодо (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ар каңдай эмгек куралдары, шаймандар, аспаптар. Сапар жабдыктарды жыйнап балдардан артта калды (Сасыкбаев). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп, жумушка беталышты (Сасыкбаев). // Үй жабуулары, көбүнчө боз үйгө керектелүүчү жабык баш, кереге чалгыч, тегирич ж. б. сыяктуу жасалгалар. Үй жабдыктары мыкты чеберлердин колунан чыккандай келишкен. || Ат жабдуулары, ээр-токум, жүгөн, куюшкан ж. б. сыяктуу ат жасалгалары. Шарактап күмүш жабдык, минген жорго (Токомбаев). Көрктүү болсун баары деп, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»). 2. сог. Согуш куралдары, курал-жарак. Жабдыгын алып шайланып, Жалындаган эр Сыргак («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курал-жарак, шаймандар менен камсыз кылуу, жабдуу. 2. Жасалгалоо (көбүнчө атты). Жабдыктап минсең жарышка, Алыс болжоп бачым кел (Үсөнбаев). Гүлдү бадам кызылды, Жабдыктап бир күн минди эми («Олжобай менен Кишимжан»).