1. этн. шест, которым поднимают кошмы и верхнюю часть остова юрты; ала бакан (или алабакан) или ача бакан, южн. әләл бакан сучковатый шест, служащий вешалкой в юрте; кол бакан маленький бакан, который берут с собой на летовку; бел бакан или жел бакан шест для подпирания юрты изнутри во время ветра; түндүк бакан шест для подпирания түндүк'а (см.) во время сборки, постановки юрты; алты бакан то же, чтоселкинчек (см.) (но больших размеров); алты бакан кур- сделать качели; 2. дубина, дубинка; бакандарын сундура, бет маңдай бирин бири качырып калышты нацелившись своими дубинами, они бросились друг на друга; 3. (точнее суу бакан) коромысло; бакандай азамат молодец стройный и сильный; келе бакан драчун; менден башка деле келе бакан, куу союл аз көрүнгөн жок немало было и кроме меня драчунов и забияк; кылды бакандай кылып көрсөт- волосинку представить с дубинку; из мухи делать слона.
зат.1. Боз үйдүн үзүк, туурдук, түндүк жабуусун салуу үчүн колдонулуучу шыргый. Бектурдун ак үйүнүн чамгарагынан эки түндүк бакандын учу сороёт (Сыдыкбеков).
2. Жоокерчиликте курал ордуна колдонуучу шыргый. Баатырлар чыгып сайчшса, Бакандары майышса («Манас»).
3. Буюм, азык-түлүк илип коюуга ылайыкталган илгичтери бар шыргый. Андан жогору багалчак ала бакандарга илинген нооту чепкен («Ала-Тоо»).
4. Бир нерсе көтөруү, тиреп коюу ж. б. иштер үчүн колдонулуучу шыргый, узун жыгач. Суу бакан. Бел бакан. Баканга салып көтөрүү. Бакан менен тирөө. ♦ Алтыбакан — селкинчек салуунун бир түру. Суу боюнда алты бакач тээп ойноп-күлүп, ырдап жагпкан адамдар («Ала-Тоо»).
(Түндүк бакан) — «Ар бир айыл четинде, алты бакан селкинчек» (К. Жантөшев). Бул боз үйдүн жыгачына кирет. Мунсуз боз үй тигилбейт. Түндүк бакан, босого-таяк, каалга бир бүтүмдү түзөт. Түндүк бакандын (түндүк көтөрүүчү) узундугу 2,8 м. болуп, анын башынын ачакей 4 см. менен өлчөнөт. Ал көбүнчө балатыдан жасалат.
Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач. Бакан менен шоңшойтуп көтөрүп койгон түндүктүн ачык жак капталынан чаба жааган жамгыр салаалап шорголоп, коломтонун төр жагына түшүп жатат (Токомбаев). Найза катарында курал ордуна колдонулуучу узун шыргый. Бакан, союл карса-карс, Баш жарылып тарса-тарс (Тоголок Молдо). || Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч. Салима ийниндеги баканга илинген эки чака менен суу алып келаткан (Абдукаримов).
этиш.1. Баканга (шыргыйга) илип, ийинге салып көтөрүү. Талдан согулуп жасалган эки себетин бакачдап көтөрүп.. (Жантөшев). Бакандап кош чакада тунук суусун Жөнөөгө айыл жакка кылды ыкыс (Абдыраманов).
2. Бакан менен уруу, сабоо.
1. действовать дубиной; бакандап куу- выгнать кого-л. палкой; прогнать палкой; 2. нести на коромысле; ичер сууну бакандап көтөрүп келишет вёдра с питьевой водой они носят на коромысле; эки себетин бакандан көтөрүп неся на коромысле две кошёлки.
1. Бакан менен көтөрүү, баканга илип, ийинге салып көтөрүү. Кыштактын эли ичер сууну Жаңы-Арыктан алышып, бакандап көтөрүп келишет (Абдукаримов). 2. Бакан менен уруу, согуу. Бакандап кууп чыгуу.
Керилген, олбурлуу, алибеттүү, бакубат. Бакандай жигит. – О, айланайын! Мына бакандай азамат болгон турбайсыңбы! (өмүрбаев). || Бир кыйла чоң, мыкты, белдүү. Иши кылып бүтүп келчи, бакандай болгон кызмат беребиз (Байтемиров).
баканда этишинин кош мамилеси. Сууларын бакандашып алып баса түшүп, токтоп калышат (Турусбеков). Маңдай-тескей турушуп, Бакандашып урушуп («Эр Төштүк»).
тар. Толготуп жаткан аялдын көз жаруусун – төрөтүн – жеңилдетүү максатында иштелген аракет, толготкон аял түбүнө олтуруп, эки колдоп кармап асылып, таяныч катары пайдаланууга ылайыкталып боз үйдүн ичинде орнотулган жыгач, көбүнчө бакан орнотулган. Алтындан бакан коюлду. («Манас» С. О.).
ар.ир.сев. осведомитель, соглядатай; бөлөктөн барса ал жерге, баканооз чыгып ичинен, түбүнө чогуу жетет - деп фольк. если туда пойдут чужие, среди них может оказаться осведомитель, и они сообща уничтожат (наших).
БАКАНООЗ тыңчы. Душман тарабынан экинчи тараптын ал-абалын, жөн-жайын, согуштук аракеттерин жана башкалар жагдайларды билип келүү үчүн атайын жиберилген адам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эскерилет.
БАКАН-ТАШ — топоним. Кошой-Тоодогу чоку, Талас обл-нын күн чыгыш чети, Каракол менен Үч-Кошой сууларынын ортосунда. Эпостун каарманы Бакайдын ысмына байланыштуу.