Киргизско-русский словарь Юдахина
өмүр I
ар.
(ср. тиричилик, оокат, турмуш, күн 5)
жизнь;
өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин стих. когда жизнь наша пройдёт, пусть народ вспоминает (нас) по трудам (нашим);
өтпөс өмүр, сынбас темир болбойт погов. жизни нескончаемой, металла (см. темир) неломающегося не бывает;
бир койдун өмүрүндөй гана өмүр калды го ведь (мне) осталось жить недолго (букв. жизни осталось только с овечий век);
өмүрү узун барбаган он недолго прожил;
өмүр берсин! желаю (или желаем) долгой жизни!;
өмүр баян биография;
эч өмүрдө болбогон невиданный, небывалый;
өмүрү на всю жизнь;
өлтүрүүгө кыйбасам, өмүрү орго салайын фольк. если не решусь убить, так заточу на всю жизнь в яму;
өмүрү жакшылык көрбө! чтоб тебе вовек добра не видать!;
жан көрбөгөн өмүрү жайнап жаткан аңы бар стих. там есть множество зверей, которых никто в жизни своей не видал;
өмүр сүр- см. сүр- IV.
өмүр II
(только в сочет. с жети):
жети өмүрүм жерге киргенче уялдым я до того устыдился, что готов был сквозь землю провалиться;
уялгандыктан жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады от стыда я готов был сквозь землю провалиться;
жети өмүрүн жерге киргизди он его в краску вогнал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин (Аалы). Жаш өмүр — ачылып турган гүл (Жантөшев).
2. Турмуш, тиричилик. Адам өмүрдүн туткасы.. болот тура (Жантөшев).
Жети өмүрү жерге кирүү — аябай уялуу. Экөөбүздүн жети өмүрүбүз жерге кирип отурганын көрбөй турасыңбы? (Жантөшев). Өмүр бою — өмүрүнчө, таптакыр, эч качан. Улуу-Чаттын тоолору, өмүр бою бетине беш тал чөп чыкпагандай кубарып турат (Жантөшев). Өмүр баян — өмүрү, иштеген иштери ж.б. жөнүндөгү маалымат, кабар, автобиография. Беш-алты сөзбардык өмүр баяным, Калам жүрбөс, толкуну жок, ысыксыз (Аалы).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өмүр
өмүр баян
өмүр берсин!
өмүр бою
өмүр коопсуздугу
өмүр коркунучу
өмүр сүрүү
өмүр цикли
өмүрдүн температуралык чеги
өмүрдүн узактыгы
өмүрү жакшылык көрбө!
өмүрү кылычтын мизинде
өмүрү өр таянуу
өмүрү өчүү
өмүрүн саюу
өмүрүн суроо
өмүрүнө балта чабуу
өмүрүнүн бир гүлү ачылбоо
өмүрүң узун болсун!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин (Токомбаев). Өмүрдүн кышы кирип келатканда сени мынча сулуу кылып неге жаратты дейм да? (Айтматов). Айтматовдун экинчи өмүрү – Рух өмүрү, түбөлүктүү өмүрү башталды (Акматалиев). 2. Турмуш, тиричилик. Адам өмүрдүн туткасы болот тура (Жантөшев) Күндөй жарык сезим болду өмүрдө, Түндөй кара тактар калды көңүлдө (Турсунбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өмүрүнчө, өмүрүнүн акырына чейин, дайыма. Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт (макал). Өмүр бою жакшылыгыңды унутпайын (Абдукаимов). Улуу-Чаттын тоолору, өмүр бою бетине беш тал чөп чыкпагандай кубарып турат (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР БОЮ КАРАЛАШУУ МЕНЕН БАГУУ КЕЛИШИМИ – киреше алуучу – жаран өзүнө тийиштүү турак үйүн, ижарасын, жер участогун же башка түбөлүк (кыймылсыз) мүлкүн киреше кийирүүчүгө өткөрүп берүүчү, ал аны же ал көрсөткөн үчүнчү адамды өмүр боюу багуу менен алган нерсени да кароого милдеттенген келишим. Киреше төлөөчүнүн милдетине өмүр боюу багып, кароо менен ал жарандын жашоого, ичип-кийинүүгө карата болгон муктаждыктарын камсыз кылуу, эгер талап кылынса, анын денсоолугуна кам көрүү жана оорулууну жакшы багууну да өзүнө камтуусу мүмкүн. Ө. б. к. м. б. к. өмүр боюу багуу менен кароонун баардык көлөмү аныкталууга тийиш. Киреше төлөөчү өзүнө өмүр боюу кароо менен багууну камсыз кылууга берилген түбөлүк (кыймылсыз) мүлктү киреше алуучунун алдынала макулдугу менен күрөөгө берүүгө же башка ыкма менен өз ээлигинен ажыратууга, убарасынан кутулууга акылуу. Ө. б. к. м. б. к. киреше алуучунун өлүмү менен бүтөт. Калган учурда ага карата түбөлүк рента эрежеси колдонулат (кара:Рента келишими).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза мыйзамдарында (албетте, негизги жаза катары гана колдонулуучу) жазанын бир түрү. Өмүргө кол салган өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасынын ордуна берилет жана сот өлүм жазасын колдонбоону мүмкүн деп тапкан учурларда да дайындалышы мүмкүн. КРдин кылмыш-жаза мыйзамдарында жазанын мындай түрү каралган эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮРГӨ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, кол салуу объектиси адам өмүрү болгон кылмыштардын бир түрү. Аларга: киши өлтүрүү; өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү; эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү жана башкалар кирет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
пожизненный; навеки;
өмүрлүк жолдош друг на всю жизнь; друг жизни (о супругах);
өмүрлүк жолдошум мой друг (моя подруга) жизни;
экөөбүз өмүрлүк жолдош мы с тобой друзья на всю жизнь;
өмүрлүк айрылышты они расстались навеки.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тот, кому суждено долго жить;
өмүрлүү адам келечектен эмнелерди күтпөсүн! чего только не увидит человек, который долго живёт!;
өмүрлүү бол! желаю тебе долгой жизни!;
өмүрлүү болсун бала! желаю ребёнку долгой жизни!

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР СҮРҮҮГӨ УКУК – эларалык укуктар жана демократиялык өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн конституциялары, а. и. КР Конституциясы менен да коргоого алынган адамдын негизги укуктарынын бири. Ө.с.у. мамлекеттин адам өмүрүн аргандай укукка каршы колсалуулардан жана башка коркунучтардан артараптуу коргоо, анын татыктуу, ойдогудай, жакшы жашоосу үчүн укуктук, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка шарттарды камсыз кылуу боюнча милдеттерин тастыктайт. Өлүм жазасы алынып салынган мамлекеттерде (Австрия, ГФР, Франция ж. б.) Ө. с. у. бир дагы адам, ал кандай жосун жасабасын мамлекет тарабынан болсо да өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес дегендикти билдирет.Өлүм жазасын сактоонун аркыл режимдери бар өлкөлөрдө адатта Ө. с. у. бир дагы адам тийиштүү укуктук жолжобону жасоосуз өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес дегендикти түшүндүрөт. Айрым өлкөлөрдө Ө. с. у-ка кеңири чечмелөө бойдон алдырууга тыюу салууга, а. и. конс-титуциялык тыюу салууга (Ирландия) алып келет.