ӨМҮР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин (Токомбаев). Өмүрдүн кышы кирип келатканда сени мынча сулуу кылып неге жаратты дейм да? (Айтматов). Айтматовдун экинчи өмүрү – Рух өмүрү, түбөлүктүү өмүрү башталды (Акматалиев). 2. Турмуш, тиричилик. Адам өмүрдүн туткасы болот тура (Жантөшев) Күндөй жарык сезим болду өмүрдө, Түндөй кара тактар калды көңүлдө (Турсунбеков).