Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин (Аалы). Жаш өмүр — ачылып турган гүл (Жантөшев).
2. Турмуш, тиричилик. Адам өмүрдүн туткасы.. болот тура (Жантөшев).
Жети өмүрү жерге кирүү — аябай уялуу. Экөөбүздүн жети өмүрүбүз жерге кирип отурганын көрбөй турасыңбы? (Жантөшев). Өмүр бою — өмүрүнчө, таптакыр, эч качан. Улуу-Чаттын тоолору, өмүр бою бетине беш тал чөп чыкпагандай кубарып турат (Жантөшев). Өмүр баян — өмүрү, иштеген иштери ж.б. жөнүндөгү маалымат, кабар, автобиография. Беш-алты сөзбардык өмүр баяным, Калам жүрбөс, толкуну жок, ысыксыз (Аалы).