Киргизско-русский словарь Юдахина

Плеяды (созвездие);
Үркөр кулжа айынын биринде кулпуга кирет; текенин онунда чыгат -- Плеяды в первый день месяца кулжа скрываются, на десятый день месяца теке появляются;
Үркөр ооп, жыл келди -- Плеяды склонились, весна пришла;
Үркөр чыкты - чөп үркөт -- Плеяды появились - травы буйно поднялись (букв. травы шарахнулись);
Үркөр төбөдөн оогондо -- (зимой) за полночь;
Үркөр төбөгө келип калыптыр (зимой) -- уже полночь;
Үркөр жамбашка түштү -- Плеяды склонились к западу (к утру);
эл жатарда Үркөр жамбашка түшсө, жазга таандык болгону -- если в начале ночи Плеяды склоняются к западу, значит наступает весна;
Үркөр жамбашка түшкөндө жаттым -- я лёг перед рассветом (в зимнее время);
Үркөр үйдөн көрүнсө когда -- Плеяды (зимой) видны из дымового отверстия юрты (т.е. когда они в зените);
үркөрдөй -- (о людях) немного; небольшая, но тесная группа;
катындардын бир тобу, үркөрдөй болушуп, четте тым-тым олтурушат -- несколько женщин, собравшись в кучку, молча сидят в сторонке;
калдайган калың айыл элек, үркөрдөй үч түтүн калдык -- мы были большим аулом, теперь стали маленьким аулом в три юрты.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Асмандагы топ жылдыздын атын билдирген үркөр сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө айтылган ар түрдүү пикирлер бар (Севортян, 1974, 631). Көпчүлүк окумуштуулар аны үл «бөл» этишинен келип чыккан деп эсептешет. Биздин оюбузча, үркөр сөзү түрк тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо ухэр сөзү кыргызча үрхэр түрүндө айтылат (БРС, 513). «Кутадгу билиг» дастанындагы маалыматтарга караганда байыркы түрктөр асмандагы Үркөр жылдызын Уд деп атаган. Ал сөз азыркы кыргызча уй сөзүнө туура келет. Ошол эле убакта моңголчо Үркөр синоними да тарай баштаган. Кийин Үркөр сөзү активдүү колдонула баштап, байыркы түркчө Уд сөзү асмандагы жылдыздын атын билдирүү үчүн колдонулбай калган. Европадагы жана Азиядагы байыркы элдер Үркөр жылдызы турган жердеги жылдыздардын тобунан мүйүзү аркайган уйду элестетишкен. Ошондуктан орусча Телец аталса, арабча Соур, байыркы түркчө Уд аталган. Бул сөздөрдүн баары моңголчо үхэр//үрхэр деген сыяктуу эле «уйду» билдирет.