Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Асмандагы топ жылдыздын атын билдирген үркөр сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө айтылган ар түрдүү пикирлер бар (Севортян, 1974, 631). Көпчүлүк окумуштуулар аны үл «бөл» этишинен келип чыккан деп эсептешет. Биздин оюбузча, үркөр сөзү түрк тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо ухэр сөзү кыргызча үрхэр түрүндө айтылат (БРС, 513). «Кутадгу билиг» дастанындагы маалыматтарга караганда байыркы түрктөр асмандагы Үркөр жылдызын Уд деп атаган. Ал сөз азыркы кыргызча уй сөзүнө туура келет. Ошол эле убакта моңголчо Үркөр синоними да тарай баштаган. Кийин Үркөр сөзү активдүү колдонула баштап, байыркы түркчө Уд сөзү асмандагы жылдыздын атын билдирүү үчүн колдонулбай калган. Европадагы жана Азиядагы байыркы элдер Үркөр жылдызы турган жердеги жылдыздардын тобунан мүйүзү аркайган уйду элестетишкен. Ошондуктан орусча Телец аталса, арабча Соур, байыркы түркчө Уд аталган. Бул сөздөрдүн баары моңголчо үхэр//үрхэр деген сыяктуу эле «уйду» билдирет.