ир. надежда; үмүт кыл- или үмүт эт- с предшеств исх. п. 1) надеяться; жаман ит жайлоодогу жармадан үмүт кылат погов. дрянной пёс рассчитывает на похлёбку, которая будет на летовке; ит ичпес ашынан үмүт кылат погов. пёс рассчитывает и на ту еду, которая ему не положена; 2) этн. (о кормящей женщине) надеяться на подарок (несбывшаяся надежда на подарок ведёт, по старому поверъю, к груднице); көптөн үмүт эткен аздан куру калат погов. погонишься за большим, и малое потеряешь; жандан үмүт кыл- желать сохранить свою жизнь; "ач" дегенде, ач эшикти, эгер үмүт кылсан жандан стих. если хочешь остаться живым, то открой дверь, когда говорят "открой"; жаныңардан үмүт кылсаңар, жакындабагыла! если хотите жить, не приближайтесь!; ...деген үмүт менен в надежде, что...; болорболбос үмүт бар тлеет какая-то надежда; үмүт үз- потерять надежду; үмүт үзгүм келбейт я не хочу терять надежду.
зат. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө үмүттөнгөн ишенич, тилек. Жаштардын келечегинен үмүтүм чоң (Жантөшев). Токтогул Асан карыяны үмүт менен карады (Аалы). Алымкулдан энеси үмүт үзгөн жок (Абдукаримов).
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө үмүттөнгөн ишенич, тилек. Жаштардын келечегинен үмүтүм чоң (Жантөшев). Токтогул Асан карыяны үмүт менен карады (Токомбаев). Аппак марал, марал туяк катат, жебе жетпейт жетет сыяктанат, үмүт өчөт, үмүт кайра жанат (Рыскулов). Мен аякка үмүт айдап барат (Жакиев).
(үмүткөр) ир. надеющийся, возлагающий надежды; энеңер, элиңер үмүткер таңда да, түштө да, кечинде стих. ваши матери, ваш народ возлагают надежды (на вас) на рассвете, в полдень и вечером; үмүткөр кыл- обнадёжить; үмүткөр бол- иметь надежду; үмүткөр сөз обнадёживающее слово.
Үмүттү үзүүгө болбойт, дайыма үмүт кылуу керек, кудай бербей койбойт деген маанилерде колдонулат. Жарыгым... сен адамсың. Шайтан гана үмүтсүз (Садыбакасов).
сын. Үмүтү бар, үмүт кылган. Ашыр кандайдыр үмүттүү түрдө сөзүн улады (Сасыкбаев). Жол карап дале үмүттүү ой бар, Эшикке чыкты сергилең, Дилвар (Абдыраманов).
Үмүтү бар, үмүт кылган. Ашыр кандайдыр үмүттүү түрдө сөзүн улады (Сасыкбаев). Жол карап дале үмүттүү ой бар, Эшикке чыкты сергилең Дилвар (Абдыраманов). Үзүлбөгөн үмүттүү өмүргө али да болсо кеч кире элек сыяктанат (Стамов). Үмүттүүгө кудай берерин унутпа, Кудагый! Унутпа! (Жакиев).
Ойлогон ою, тилеги ордунан чыкпай калуу, максаты ишке ашпоо. Кылмышкерлердин жазасын беребиз деген үмүтү таш капты («Ленинчил жаш»). Алардын үмүтү таш каппай, ойлогондорундай болуп чыкты (Кыдырмышев).
Ойлогон ою, тилеги ордунан чыкпай калуу, максаты ишке ашпоо. Кылмышкерлердин жазасын беребиз деген үмүтү таш капты. Алардын үмүтү таш каппай, ойлогондорундай болуп чыкты (Кыдырмышев). В.: Үмүтү ташка тийүү. Эми инимди мандикерден бошотуп келем го деп барган Каримдин үмүтү ташка тийди (Жантөшев). Үмүтү ташка чабылуу. Сабылса да ийикпесин, үмүтү ташка чабылып майтарыларын туюп турду Курманжан аяр (Касымбеков).