ҮМҮТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир нерсе жөнүндө үмүттөнгөн ишенич, тилек. Жаштардын келечегинен үмүтүм чоң (Жантөшев). Токтогул Асан карыяны үмүт менен карады (Токомбаев). Аппак марал, марал туяк катат, жебе жетпейт жетет сыяктанат, үмүт өчөт, үмүт кайра жанат (Рыскулов). Мен аякка үмүт айдап барат (Жакиев).