Киргизско-русский словарь Юдахина
истина, правда; истинность, действительность;
чындык жерде калбайт погов. правда сама себя очистит;
чындыгында в действительности; в самом деле;
мелдеши чындыгында эле мыкты натыйжаларды берүүдө их соревнование и в самом деле даёт значительные результаты;
чындыкка чык- осуществиться; подтвердиться;
кыялым чындыкка чыкты моя мечта осуществилась;
ал кабар чындыкка чыкты это сообщение подтвердилось;
жаралганбыз жомокту чындык кылууга стих. мы рождены, чтоб сказку сделать былью;
реалдуу чындык реальная действительность;
көркөм чындык художественная правда.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тууралык, жалган эместик, кандайдыр бир сөздүн, окуянын ж. б. туурасы, чыны; акыйкат, болгон натыйжа. Жылдызкан бул иштин чындыгын он беш күн өткөндөн кийин билди (Байтемиров). Жумушчу адам ар дайым иштин тууралыгын, чындыгын сүйөт (Жантөшев). Сураган суроого чындыкты айтып жооп бер (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тууралык, жалган эместик, кандайдыр бир сөздүн, окуянын ж. б. туурасы, чыны, акыйкат, болгон натыйжа. Жылдызкан бул иштин чындыгын он беш күн өткөндөн кийин билди (Байтемиров). Жумушчу адам ар дайым иштин тууралыгын, чындыгын сүйөт (Жантөшев). Сураган суроого чындыкты айтып жооп бер (Жантөшев). Чындык деп ооруп калган адамдарга, чырактай акыр бир жангылачы (Абдалова).