ЧЫНДЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тууралык, жалган эместик, кандайдыр бир сөздүн, окуянын ж. б. туурасы, чыны, акыйкат, болгон натыйжа. Жылдызкан бул иштин чындыгын он беш күн өткөндөн кийин билди (Байтемиров). Жумушчу адам ар дайым иштин тууралыгын, чындыгын сүйөт (Жантөшев). Сураган суроого чындыкты айтып жооп бер (Жантөшев). Чындык деп ооруп калган адамдарга, чырактай акыр бир жангылачы (Абдалова).