Киргизско-русский словарь Юдахина
туйгун I
1. белый ястреб-тетеревятник;
каса туйгун лучший, настоящий ястреб;
2. положительный эпитет богатыря, молодца;
3. часто встречающийся эпитет души.
туйгун II
спокойный, безмятежный;
туйгун жаткан эл чаптым, Турпандан эче олжо алдым фольк. безмятежно живший народ я разгромил, в Турфане много добычи я взял;
туйгун жаткан кезинде, ылдам барып катылсак стих. (а что, если) мы нападём на них, когда они пребывают в спокойствии (не опасаются нападения);
туйгун жаткан эл элек Үчүкө, Түлкү барында стих. при жизни Учуке, Тюлькю мы были безмятежным народом (т.е. жили, ничего не боясь).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

 

Туйгун

ястреб-тетеревятник сибирский (eng. northern goshawk)

Туйгун (Accipiter gentilis buteoides) -- карчыгалар уруусуна кирген күндүзгү алгыр куштардын бир түрү. Туйгун келгин куш экенин Б. Солтоноев  "Кыргыз тарыхы" эмгегинде белгилеген. Кыргыз мүнүшкөрчүлүгүндө туйгун куштардын (алгыр куш) ичинен кырааны саналат. С. Рыскуловдун “Кара шумкар” китебинде туйгун мындай сүрөттөлөт:

Туйгун, тунжур, кара кашка тынар — куштун мыктылары. Буларды да учуп баратканда таанууга болот. Алар учканда канаттарын анда-санда ирмешет. Көбүнчө сызып учушат. Учуп жүргөндө булардын канат-куйруктары ителгилердикиндей учтанбай, жазылып кетет. Жүндөрү да ителгилердикиндей болбой, бөлөкчө айырмаланып турат. Булардын кыраандары жүндөрүнүн белгисинен, буту-колунан, тумшугунан таанылат.

«Туйгун» — куштун төрөсү» деп айтылат. Ал кооздугу, келбети үчүн айтылып калган. Куштун уругунан чанда гана туйгун чыгат. Анын да чоң, кичинеси болот. Туйгун көзүнө көрүнгөндү ала бербейт. Чоң илбесиндерди, мүнүшкөрү жарашса, кыраандары гана алат. Болбосо туйгундун алы жетпегенин жөнөкөй кыраан куштар деле алып коет.

Туйгунду тааныш оңой. Анын өңү, канат-куйругу кебездей аппак болот. Эч бир жеринде өңү буруу, киргил так болбойт. Ар жылы түлөгөн сайын тооктой аппак болуп жүрүп отурат. Картайганда буту-колу, тумшуктары, көздөрүнүн тегереги гана саргайып кетет. Туйгунду учуп баратканда көрсөң ак куу деп ойлойсуң. Бирок ал куудай учпай, куштай учат. Эгер туйгунду бирөө кондуруп келатканын алыстан көрсөң, ээк алдыңа келмейин, ак корозду кондуруп алганбы деп ойлойсуң. Анын куш экенин жаныңа келгенде гана тааныйсың

Photo by northerngoshawks.com 

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Алгыр, кыраан ак куш. Куш төрөсү туйгун дейт, Туйгундан кийин тунжур дейт (Тоголок Молдо).
2. өт. Мыкты, даанышман. Туйгун эле улуу Ленин даанышман, Туулгандан эзгич менен кагышкан (Үмөталиев). Сүйлөтүп комуз күүлөгөн, Туйгун Током аманбы? (Тоголок Молдо).
ТУЙГУН II сын. Тынч, бейпил. Туйгун жаткан эл чаптым, Турпандан эчен олжо алдым («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алгыр, кыраан ак куш. Куш төрөсү туйгун дейт, Туйгундан кийин тунжур дейт (Тоголок Молдо). Тууганы билет кайгысын, Туйгуну кедей байынын. 2. өт. Мыкты, даанышман. Сүйлөтүп комуз күүлөгөн, Туйгун Током аманбы? (Тоголок Молдо). Тулаңы белден кара жер, Туйгунум эле кайран эр! (Жеңижок).