Киргизско-русский словарь Юдахина
согуш I
и. д. от сок- II
1. биение;
жүрөк согушу биение сердца;
2. война, сражение;
дүйнөлүк согуш мировая война;
империалисттик согуш империалистическая война;
адилет согуш справедливая война;
басып алуучу согуш захватническая война;
кансыз согуш холодная война;
жеке согуш поединок;
согуш аракеттери военные действия;
согуштун кырында на грани войны.
согуш- II
взаимн. от сок- II
драться, сражаться;
согушуп жаткан армия действующая армия.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ – эларалык укукта тынчтыкта жашоо мамилелерин толук үзүү менен коштолгон мамлекеттер ортосундагы, ошондой эле мамлекет менен улуттук-боштондук кыймылдарынын ортосундагы аскердик аракеттер. С. өзара калыс, өзүн актаган (баскынчыларга каршы жеке же жармакташ коргонуу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча куралдуу мажбурлоо, улуттук-боштондук согуштары) жана калыстыгы жок, өзүн актабаган (баскынчылык, каратып алуу согуштары) болуп бөлүнөт. Акыркысы эларалык кылмыштардын катарына кирет.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Курал жок кезде адамдар муштуму менен, колуна кармаган союл, таш менен бирин-бири согуп урушкан. Кийин куралдын өркүндөтүлгөн ар кандай түрлөрү жаралган кезде деле мурдагы колдонулуп жүргөн согуш сөзү айтыла бере турган болуп, алгачкы мааниси кеңип кеткен. Азыр союл менен, муштум менен согушпай, танка, миномёт, ракеталар менен аткылап жатса деле, эски согуш сөзү колдонула берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ АБАЛЫ – мамлекеттерди өзара согуш жарыялаган учурдан (же согуш аракеттеринин иш жүзүндө башталышынан) тартып ал аяктаганга чейинки мамилелери. КР мыйзамдарына ылайык, КРге баскынчылык болсо, же баскынчылыктын тикелей коркунучу туулса, Президент С. а. жарыялайт жана бул маселени токтоосуз КР ЖКнын кароосуна киргизет. КР ЖК согуш жана тынчтык, С. а-н жарыялоо жөнүндөгү маселени чечет, КР Президентинин бул маселе боюнча жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ АРАКЕТТЕРИНИН ТЕАТРЫ – согушуп жатышкан тараптардын куралдуу күчтөрү иш жүзүндө согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан аймак. С. а. т. катары бейтарап жана согушка катышпаган мамлекеттердин аймагы (жер, деңиз, аба) колдонулуусу мүмкүн эмес. Эларалык келишимдерге ылайык, ошондой эле: а) айрым эларалык кысыктар (м.: Аргентина менен Чилинин ортосундагы 1981-жылдагы келишим боюнча Магелландар кысыгы); б) эларалык каналдар (м.: 1888-жылкы Константинополь конвенциясы боюнча Суец каналы); в) айрым аралдар жана архипелагдар (м.: 1947-жылкы Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү менен Финляндиянын ортосундагы Тынчтык келишимине ылайык Аланд аралдары); г) айрым континенттер (м.: 1959-жылкы Келишимге ылайык Антарктика) С. а. т-на айландырылышы мүмкүн эмес. 1967-жылкы Космос боюнча келишимге ылайык С. а. т-на Айды жана башка асман нерселерин кошууга болбойт. Куралдуу жаңжалдардын укук ченемдеринде каралган атайын аймактарды түзүү максатында (м.: санитардык аймактар жана жерлер) С. а. т-нан согушуп жатышкан тараптардын мамлекеттик аймактарынын айрым бөлүктөрү чыгарылып салынышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИ – 1) Жарандык же Улуу Атамекендик согуш мезгилдеринде аракеттеги армиянын курамына кирген штабдарда жана мекемелерде, аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган аскер кызматчысы, ошондой эле СССРди коргоо боюнча башка аскердик иштерге катышкан партизандар жана жарандык же Улуу Атамекендик согуш мезгилдеринде убактылуу басылып алынган аймактардагы жашыруун уюмдардын мүчөлөрү; 2) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде коргоосу аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдетилген шарттарда бааракы чектөөдө кызмат өтөө жылдарына эсептелүүчү шаарларда кызмат өтөгөн, коргоого катышкан аскер кызматкерлери, анын ичинде запаска (отставкага) чыгарылгандар, ошондой эле ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамы; 3) аскер менен флоттун, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдары менен аскерлеринин эркин жалданган курамынын Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскердин курамына кирген же болбосо тийиштүү убактарда шаарларды коргоого катышкан аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда бааракы чектөөдө кызмат өтөө жылдарына эсептелүүчү аскер бөлүктөрүндө, штабдарында жана мекемелеринде штаттык кызматтардагы адамдар; 4) Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүндө, душмандын ооругунда же башка мамлекеттердин аймактарында атайын тапшырмаларды аткарышкан чалгындоо жана контрчалгындоо кызматкерлери ж. б. адамдар; 5) Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда башка мамлекеттердин аймактарында партизандардын, жашыруун топтордун, башка фашисттерге каршы түзүлүштөрдүн катарында фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы согуштук аракеттерге катышкан адамдар; 6) 1944-жылдын 1-январынан 1945-жылдын 9-майына чейинки мезгилде СССРдин аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырманы аткарууга катышкан аскер кызматкерлери, анын ичинде эс алууга (отставкага) чыгарылгандар, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын жетекчилик жана катардагы курамы, тез ойрондоочу батальондордун, элди коргоо взводдору менен отряддарынын командалык курамы жана жоокерлери; 7) 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки мезгилде аракеттеги аскердин курамына кирбеген чегара жана аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, аскердик окуу жайларында аскер кызматын өтөгөн аскер кызматкерлери, анын ичинде эс алууга (отставкага) чыгарылгандар: 8) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде аракеттеги фронттор менен аракеттеги флоттордун оперативдик аймактарынын чектеринде аскер менен флоттун кызыкчылыгындагы милдеттерди аткарышкан ишканалардын жана аскердик объектердин, эл комиссариаттарынын, мекемелердин Кызыл аскердин катарындагылардын абалына которулган кызматкерлери, ошондой эле Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскерге командировкага жөнөтүлгөн мекемелер менен уюмдардын (анын ичинде маданият жана искусство мекемелери менен уюмдарынын) кызматкерлери, борбордук гезиттердин, журналдардын, ТАССтын, Совмаалыматбюросунун жана радионун кабарчылары, Даректүү фильмдердин борбордук студиясынын кинооператорлору (кинохроникачылар); 9) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде аракеттеги аскер менен флоттун курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдар менен мекемелерде полктун уулдары (тарбиялануучулар) катары жүргөн адамдар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТМЕ – согуш же согуш коркунучу жаралганда, согуш аракеттеринин ж. б. согуш тобокелчиликтеринин шарттарында тараптардын иш-аракеттерин аныктоочу келишим шарттары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШКАН ТАРАПТАР – согуш мыйзамдары менен каадалары аркылуу жөнгө салынуучу жана согуш аракеттеринин башталышына байланыштуу келип чыккан эларалык-укуктук мамилелердин катышуучусу. Жарандык согуштун жана эларалык куралдуу жаңжал катышуучулары болуп өзара бөлүнөт: биринчи учурда ал жарандык согуштун катышуучусунун С. т-ы катары эларалык деңгээлде таанылышынан улам келип чыкса, экинчи учурда эларалык мүнөздөгү куралдуу жаңжалга аралашуу менен, эларалык укук субъектиси өзүнө-өзү ушундай статус берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШКА ҮНДӨӨ – айрым адамдардын башка бир мамлекетке куралдуу күчтүн жардымы менен колсалуу керектиги тууралуу аргандай ачык-айкын чакырыкты жалпы маалымат каражаттары же жарыя айтуу аркылуу таратуусу. Ага 1947-жылкы БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын резолюциясы тарабынан тыюу салынган. Ал эларалык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ КЫЛМЫШКЕРЛЕРИ – эларалык укук боюнча тынчтыкка, адамгерчиликке, согуш мыйзамдарына жана салттарына каршы кылмыш-жаза кылган адамдар. Эларалык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. С. к-не карата мөөнөт эскиргендик колдонулбайт. Аларга башбаанек укугу да таралбайт. С. к. сөзсүз өткөрүп берилиши тийиш. (кара:Кылмышкерлерди өткөрүп берүү).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ КЫЛМЫШТАРЫ – эларалык укукта согуштун мыйзамдары менен салттарын өзгөчө олуттуу бузуу: өлтүрүү, басылып алынган аймактын жарандык элин кыйноо, кулчулукка жана башка максаттар үчүн алып кетүү; өлтүрүү, же деңиздеги аскер туткундарын же башкаларды кыйноо; кишилерди барымтага алуу жана өлтүрүү; коомдук же жеке менчиктерди талап-тоноо; калктуу конуштарды максатсыз кыйратуу; согуштук зарылдыксыз жакырлантуу; коркунучтуу күчтөр сакталган орнотмолорго жана курулмаларга (атомдук электростанцияларга, суу тосмолоруна, суу түйүндөрүнө) колсалуу; согуш аракеттерин токтоткон адамдарга колсалуу ж. б. С. к-нын тизмеси 1945-жылкы эларалык аскер трибуналынын Уставынын 6-статьясында, 1949-жылкы Согуш туткундарына мамиле тууралуу конвенциянын 130-статьясында жана башка биркатар эларалык актыларда берилген. С. к. биркатар учурларда эларалык кылмыш катары (кылган жосундары мамлекеттин кылмыштуу иштерине байланыштуу болсо), башка бир шарттарда эларалык мүнөздөгү кылмыш катары мүнөздөлүүсү мүмкүн; кийинки айтылган кылмыштардын катарына согуш жүрүп жаткан аймакта жеке инсандардын кертбашынын кызыкчылыгында жасаган кээбир кылмыштары (талап-тоноо, өлтүрүү, басып алынган аймактагы элге кордук көрсөтүү ж. б.) кирет. Алардын мамлекетке эч кандай байланышы жок, тим гана аткаруучулардын чектен чыгуулары. Мындай кылмыш иштери эларалык аскер трибуналында эмес, улуттук аскер сотторунда каралат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АТКАРУУ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ – согуштук абал мезгилинде өлкөнүн президенти тарабынан коргонуу тармагында иштеп жаткандарга кошумча иретинде түзүлгөн мамлекеттик башкаруу органдары. КР мыйзамдары боюнча Мамлекеттик Коргоо Комитети жана Коргоо Кеңеши С. м. а. б. о. болуусу мүмкүн. КР Президентинин жарлыгынын негизинде КР обулустарында, шаарларында жана райондорунда коргоо комитеттери түзүлөт. Мамлекеттик коргоо комитети өзүнүн жетектөөсүнө берилген баардык маселелер боюнча токтомдорду жана тескемелерди, ал эми Коргоо кеңеши – буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат. Согуш мезгилиндеги аткаруу бийлик органдарын жоюу КР Президенти тарабынан ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ МЫЙЗАМДАРЫ ЖАНА САЛТТАРЫ – согуш жүргүзүүгө байланыштуу мамлекеттер аралык мамилелерди теске салуучу эларалык укук принциптери менен ченемдеринин жыйындысы. Куралдуу күрөштүн каражаттарын жана усулдарын чектөө, алардын өзгөчө ырайымсыздарына тыюу салуу, согуш кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөө менен С. м. ж. с. согушту гумандаштырууга, куралдуу каршылыктардын чектерин азайтууга объективдүү таасир этет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШПАГАН МАМЛЕКЕТ – эларалык укукта өзүн шарттуу түрдө согуш абалында деп жарыялабаган, ошентсе да бейтарап мамлекеттен айырмалуу өзүн согушуп жаткан мамлекеттерге карата бирдей мамиле менен байлабаган өлкө.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТАГЫ БЕЙТАРАПТУУЛУК – мамлекет ошол куралдуу карама-каршылыкка катышпаган жана согушуп жаткан тараптарга кандай гана болбосун жардам көрсөтүүдөн карманган өзгөчө эларалык–укуктук статус. С. б. жана ошондой эле согушуп жаткан тараптардын бейтарап мамлекетке карата мамилелери жана бейтарап жана согушуп жаткан державалардын жеке адамдарынын укуктук абалдары жөө согуштагы бейтарап державалардын жана адамдардын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү 1907-жылкы V Гаага конвенциясы менен теске салынат. Бул конвенциянын негизги жоболору төмөнкүлөргө такалат: бейтарап мамлекеттин аймагы согуштук аракеттердин майданы болушу мүмкүн эмес; ал аркылуу согушуп жаткан тараптар аскерлерин жана аскердик унааларын алып өтө алышпайт. Бейтарап мамлекет согушуп жаткандарга өз аймагына радиостанцияларды жана байланыштын башка каражаттарын орнотууга же жайгаштырууга уруксат бербөөсү, аларды курал-жарактар, аскердик жана башка материалдар менен жабдыбоосу тийиш, өз аскер күчтөрү менен өзүнүн аймагына кирүүнүн кандай гана болбосун аракеттеринин мизин кайтарууга акылуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР – куралдуу жаңжалдын маалында каза тапкан карапайым калк, согуш туткундары, кеме чөккөндө өлгөндөр. Алардын укук абалы согушта жапа чеккендер жөнүндөгү 1949-жылкы Женева конвенциялары тарабынан жөнгө салынат: жаракат алган жана оорулуу аракеттеги армия катышуучуларынын шартын жакшыртуу жөнүндөгү I Конвенция; деңиз аскер күчтөрүнүн тутумунда туруп, кеме кыйроосуна учураганда жаракат алып ооруган адамдардын шартын шакшыртуу боюнча II Конвенция; согуш туткундарынын кайрылуусу жөнүндөгү III Конвенция; согуш убагында карапайым калкты сактоо боюнча IV Конвенция. 1977-жылы бул конвенцияларга кошумча, эларалык жана эларалык эмес мүнөздөгү куралдуу кагылышуулардын натыйжасында С. ж. ч-ди коргой турган кошумча I жана II протокол кабыл алынган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
военный, воинский;
согуштук аракеттер военные действия;
согуштук даярдануулар военные приготовления;
согуштук курулуш военное сооружение;
согуштук кишилер военные люди, военные;
согуштук базалар военные базы;
согуштук наам воинское звание;
согуштук коммунизм ист. военный коммунизм.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТУК АБАЛ – мамлекеттин жана коомдун жашоо-турмушунун өзгөчө укуктук тартиби; КРге каршы түздөнтүз баскынчылык коркунучун болтурбоо же кайтаруу максатында киргизилет. С. а. аткаруу бийлик органдарына согуш учурунда кызмат адамдарына жана жарандарга өздөрүнө жүктөлгөн согуш учурундагы милдеттерин жүзөгө ашыруучу укуктарды берүүнү алдынала карайт. С. а-да кызмат адамдарына жана жарандарга тагылган милдеттерди кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылуу максатында аракет мөөнөтүн жана чектерин көрсөтүү менен адамдын конституциялык укук жана эркиндиктерине айрым чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТУК АБАЛДЫ ЖАРЫЯЛОО – Мамлекет башчысынын мамлекет (мамлекеттер) менен тынчтык мамилелерди токтоткондугу жана ал мамлекетке алар тарабынан куралдуу колсалуу болгон учурда аны менен согуштук абалга өткөнү тууралуу билдирүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТУК БАСЫП АЛУУ – эларалык укукта куралдуу күчтөрдүн душмандын жерин убактылуу ээлеп алуусу. С. б. а. тартиби 1907-жылкы 4-Гаага конвенциясы, 1949-жылкы «Жарандык калкты коргоо жөнүндөгү» Женева конвенциясы, 1954-жылкы «Куралдуу жанжалдардын учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндөгү» Гаага конвенциясы аркылуу жөнгө салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШТУК ИШ-АРАКЕТТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ КАРАЖАТТАРЫ – куралдуу күчтөр тарабынан душмандын адам күчтөрүн жана материалдык каражаттарын жок кылуу, анын күчүн, каршылык көрсөтүүгө жарамдуулугун басуу үчүн колдонулуучу курал-жарактар жана аскердик техникалар. С. и. ж. к. тыюу салынган (же жарым-жартылай тыюу салынган) жана тыюу салынбаган болуп бөлүнөт. 1949-жылдагы Женева конвенцияларына карата Кошумча I протоколдун 35-статьясына ылайык, жаңжалдашуу абалында турган тараптардын согуш жүргүзүү ыкмаларын жана каражаттарын тандоо укугу, такыр эле чексиз болуп эсептелбейт. Ашыкча залал келтирүүчү же ашыкча кыйналууга дуушар кылуучу, же болбосо салгылашкан тараптардын өлүшүнө сөзсүз алып келүүчү, ошондой эле массалык талкаланууга, материалдык байлыктарды максатсыз жок кылууга жарамдуу С. и. ж. к-н колдонууга тыюу салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ ТУТКУНДАРЫ – эларалык укукта куралдуу кагылышуу учурунда согушуп жаткан бир тараптын куралдуу күчүнүн экинчи тараптын колуна түшүп калган адамдары. Алар согуш аракеттери аяктаганча анын бийлигинде болушат. Эларалык укуктун (1949-жылкы согуш туткундарына мамиле жөнүндөгү III Женева конвенциясынын ж. б.) ченемдери менен коргоого алынат. Согуш аракеттери аяктагандан кийин жана тынчтык жолу менен жөнгө салууларга байланыштуу өз мекенине кайтарылууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШУУНУН ТЫЮУ САЛЫНГАН КАРАЖАТТАРЫ – эларалык укук боюнча колдонууга болбой турган каражаттар. Аларды колдонуу аскердик кылмыш же адамзатка каршы кылмыш катары каралат жана юридикалык жоопкерчиликке тартылат. Артыкча кыйроолорго жана кыйноолорго кириптер кылуучу ок-дарыларды, заттарды жана согуштук аракеттердин усулдарын, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө мүмкүн болушунча кеңири, олуттуу жана узак мөөнөттүү зыян келтирүүчү же ошондой натыйжа күтүлгөн усулдарды жана каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШУУНУН ТЫЮУ САЛЫНГАН УСУЛДАРЫ – Согуш курмандыктары жөнүндө 1949-жылкы Женева конвенциясында, 1977-жылы кабыл алынган ага Кошумча протоколдордо ж. б. белгиленген. С. т. с. у. душмандын аскер жоокерлерин чыккынчылык менен өлтүрүү же жарадар кылуу; душман жөнүндө маалымат алуу максатында кыйноо; улуттук жана эларалык эмблемаларды (эн), белгилерди жана желектерди мыйзамсыз пайдалануу; парламент өкүлүн (элчини) жана аны коштоп жүргөн кишилерди өлтүрүү; жүзүкаралык; санитардык жайларга, катардан чыккан, туткунга түшкөн кишилерге, кыйроого учуруган учактардан жана башка учуучу жабдуулардан (десанттардан башка) качкандарга кол салуу; геноцид ; апартеид ; жарандык калкка карата террор жүргүзүү; тирүү жан калтырбоо тууралуу буйрук берүү, каршы тараптын аскер туткундарын жана башкаларды куралдуу күчтөрдө кызмат кылдыруу жана өз өлкөсүнө каршы согушууга мажбурлоо, маданий байлыктарды жок кылуу ж. б.