согуш этишинин кыймыл атоочу.
согуш этишинин кыймыл атоочу.
СОГУШУУНУН ТЫЮУ САЛЫНГАН КАРАЖАТТАРЫ – эларалык укук боюнча колдонууга болбой турган каражаттар. Аларды колдонуу аскердик кылмыш же адамзатка каршы кылмыш катары каралат жана юридикалык жоопкерчиликке тартылат. Артыкча кыйроолорго жана кыйноолорго кириптер кылуучу ок-дарыларды, заттарды жана согуштук аракеттердин усулдарын, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө мүмкүн болушунча кеңири, олуттуу жана узак мөөнөттүү зыян келтирүүчү же ошондой натыйжа күтүлгөн усулдарды жана каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
СОГУШУУНУН ТЫЮУ САЛЫНГАН УСУЛДАРЫ – Согуш курмандыктары жөнүндө 1949-жылкы Женева конвенциясында, 1977-жылы кабыл алынган ага Кошумча протоколдордо ж. б. белгиленген. С. т. с. у. душмандын аскер жоокерлерин чыккынчылык менен өлтүрүү же жарадар кылуу; душман жөнүндө маалымат алуу максатында кыйноо; улуттук жана эларалык эмблемаларды (эн), белгилерди жана желектерди мыйзамсыз пайдалануу; парламент өкүлүн (элчини) жана аны коштоп жүргөн кишилерди өлтүрүү; жүзүкаралык; санитардык жайларга, катардан чыккан, туткунга түшкөн кишилерге, кыйроого учуруган учактардан жана башка учуучу жабдуулардан (десанттардан башка) качкандарга кол салуу; геноцид ; апартеид ; жарандык калкка карата террор жүргүзүү; тирүү жан калтырбоо тууралуу буйрук берүү, каршы тараптын аскер туткундарын жана башкаларды куралдуу күчтөрдө кызмат кылдыруу жана өз өлкөсүнө каршы согушууга мажбурлоо, маданий байлыктарды жок кылуу ж. б.