СОГУШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКурал жок кезде адамдар муштуму менен, колуна кармаган союл, таш менен бирин-бири согуп урушкан. Кийин куралдын өркүндөтүлгөн ар кандай түрлөрү жаралган кезде деле мурдагы колдонулуп жүргөн согуш сөзү айтыла бере турган болуп, алгачкы мааниси кеңип кеткен. Азыр союл менен, муштум менен согушпай, танка, миномёт, ракеталар менен аткылап жатса деле, эски согуш сөзү колдонула берет.