Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОГУШ – эларалык укукта тынчтыкта жашоо мамилелерин толук үзүү менен коштолгон мамлекеттер ортосундагы, ошондой эле мамлекет менен улуттук-боштондук кыймылдарынын ортосундагы аскердик аракеттер. С. өзара калыс, өзүн актаган (баскынчыларга каршы жеке же жармакташ коргонуу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча куралдуу мажбурлоо, улуттук-боштондук согуштары) жана калыстыгы жок, өзүн актабаган (баскынчылык, каратып алуу согуштары) болуп бөлүнөт. Акыркысы эларалык кылмыштардын катарына кирет.