Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вес, тяжесть;
салыштырма салмак удельный вес;
тирүүлөй салмак живой вес;
таза салмак чистый вес;
салмак атта- грузно шагать;
2. перен. тяжесть, невзгоды, притеснения;
бизге датканын салмагы тийбес бекен? не будет ли нас притеснять датка (см.) ?
сага, түшчү салмак бар тебя ожидают большие неприятности;
тим турган жанды тим койбой, тийди жаман салмагың фольк. ты не оставляешь в покое мирных людей, ты несёшь (букв. от тебя исходят) притеснения;
алмак-салмак или алмактан-салмак поочерёдно;
үчөө бир атты алмак-салмак минип жүрүп олтуруп они трое по очереди едут верхом на одной лошади;
экөөбүз алмак-салмак иштедик мы работали по очереди.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
. зат. 1. Нерсенин, заттын салмактап өлчөө аркылуу белгилүү боло турган оордугу, оордук абалы. Музоо жедеп көнгөндөй, баланын салмагын тоотпой, чийдин учун жалмалап турат (Сыдыкбеков). Ириктин ар бирөөн 70 килограмм салмак менен тапшырды.
2. Күч, артыкчылык. Сени коргоп өйдө турду баатыр эл, Салмагынан солкулдады кара жер (Үмөталиев). Дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп салмагың, Элиң үчүн эрдигиңди арнадың (Калык).
Салмак менен — акырын, жай, шашпай. Керим катты салмак менен окуй баштады (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин, заттын салмактап өлчөө аркылуу белгилүү боло турган оордугу, оордук абалы. Музоо жедеп көнгөндөй, баланын салмагын тоотпой, чийдин учун жалмалап турат (Сыдыкбеков). Ириктин ар бирөөн 70 килограмм салмак менен тапшырды. 2. Күч, артыкчылык. Сени коргоп өйдө турду баатыр эл, Салмагынан солкулдады кара жер (Үмөталиев). Дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп салмагың, Элиң үчүн эрдигиңди арнадың (Калык). Салмагың оор зар элең, Сандыргалуу жан элең (Казыбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. определять или прикидывать вес чего-л. приблизительно;
2. перен. прикидывать, взвешивать;
келечегин салмактай келип, окууга кетүүнү туура тапты подумав о своём будущем, он нашёл, что ему следует учиться;
3. перен. чувствовать недомогание;
бүткөн боюм салмактап турат мне нездоровится.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от салмакта-
1. делаться тяжёлым, увесистым, тяжелеть; прям. , перен. чувствовать тяжесть;
башым эле салмактанат в голове у меня тяжесть;
бүткөн бою катуу оору менен коргошундай салмактанып всё тело его от тяжёлой болезни становилось (тяжёлым), как свинец;
2. перен. тяжело, лениво поворачиваться, быть тяжёлым на подъём;
салмактанып калган киши человек отяжелевший, неповоротливый, ставший тяжёлым на подъём.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от салмакта-
1. равняться (по силе, уму и т.п.), быть способным соревноваться;
2. мериться силами, схватываться в единоборстве;
салмакташып келгенге - садагасы миң чоро фольк. для гого, кто явится, чтобы схватиться в единоборстве, (этот) милый витязь стоит тысячи (витязей).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Оор, салмагы көп. [Чоң койчу] салмактуу чоң колу менен жерди түрсүлдөтө муштап-муштап койду (Жантөшев).
2. Оор басырык, токтоо. Капитан Иринаны кучактап, салмактуу улуулук мүнөз менен эркелетип койду (Жантөшев). Адыл ачык мүнөздүү.. салмактуу адам (Сыдыкбеков).
3. Олуттуу, орундуу. Сакалын оң кол менен сылап алып, Салмактуу коргошундай сөзгө кирди (Бөкөнбаев). Анын коргошундай салмактуу сөздөрү [Күлжандын] кулагына угулуп турду (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оор, салмагы көп. Чоң койчу салмактуу чоң колу менен жерди түрсүлдөтө муштап-муштап койду (Жантөшев). 2. Оор басырык, токтоо. Капитан Иринаны кучактап, салмактуу улуулук мүнөз менен эркелетип койду (Жантөшев). Адыл ачык мүнөздүү, салмактуу адам (Сыдыкбеков). 3. Олуттуу, орундуу. Сакалын оң кол менен сылап алып, Салмактуу коргошундай сөзгө кирди (Бөкөнбаев). Анын коргошундай салмактуу сөздөрү Күлжандын кулагына угулуп турду (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
солидность, сдержанность, выдержка;
өтө тынч жана салмактуулук менен очень спокойно и сдержанно;
салмактуулук кылды, болбосо, уруш чыгып кетет эле он проявил сдержанность, иначе произошла бы драка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Салмагы барлык, салмагы көптүк.
  1. 2.                  Оор басырыктык, токтоолук. [Камалбек] өтө тынч жана салмактуулук менен: — Сырларымы Зуннахун сага айткан беле? — деп сурады (Жантөшев).
  2. 3.                  Олуттуулук, орундуулук. Сөздөрүнүн салмактуулугу артыкча.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Салмагы барлык, салмагы көптүк. 2. Оор басырыктык, токтоолук. Камалбек өтө тынч жана салмактуулук менен: – Сырларымы Зуннахун сага айткан беле? – деп сурады (Жантөшев). 3. Олуттуулук, орундуулук. Сөздөрүнүн салмактуулугу артыкча.