салмак
Толковый словарь кыргызского языка (1969). зат. 1. Нерсенин, заттын салмактап өлчөө аркылуу белгилүү боло турган оордугу, оордук абалы. Музоо жедеп көнгөндөй, баланын салмагын тоотпой, чийдин учун жалмалап турат (Сыдыкбеков). Ириктин ар бирөөн 70 килограмм салмак менен тапшырды.
2. Күч, артыкчылык. Сени коргоп өйдө турду баатыр эл, Салмагынан солкулдады кара жер (Үмөталиев). Дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп салмагың, Элиң үчүн эрдигиңди арнадың (Калык).
♦ Салмак менен — акырын, жай, шашпай. Керим катты салмак менен окуй баштады (Таштемиров).