Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК – юридикалык жана жеке жактардын жүгүртүү кирешесинен милдеттүү түрдө алына турган төлөм. Ал мамлекет пайдасына алынуучу аргандай жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, бажы алымдарын (жазапулдардан, карыздарды кайтаруудан, товар, кызмат жана жумуш аткаруу акысынан сырткары) өзүнө камтып турат. КРде салыктын 2 түрү бар: жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЦИЗ САЛЫГЫ – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу, же КР аймагында кумар-оюн бизнесин ишке ашырып жатышкан баардык жеке жана юридикалык жактар А.с-нын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. А. с. алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти; б) арак; в) ликер-арак азыктары; г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар; д) шараптар; е) коньяктар; ж) шампан шараптары; з) пиволор; и) шарапазыктары; к) тамеки буюмдары; л) курамында тамеки бар башка буюмдар; м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар; н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка); о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б.; п) таза териден жасалган кийим-кечелер; р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар; с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары; т) мунайзат продуктары; у) кофе жана какао; ф) килем жана килем буюмдары кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЙМАНКАНА САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Мейманканада жашаган жеке жактар ал салыктын төлөөчүсү болуп саналат. М. с. курорт салыгы белгиленбеген жерлерде алынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЫ АЛУУ МЕНЕН КАЛККА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЖАНА СООДА-САТЫК САЛЫГЫ – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; чен-өлчөмдөрү жергиликтүү бийлик органдарынын чечимдери менен белгиленет. Юридикалык жана жеке жактар анын салык төлөөчүсү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН САЛЫК – КРдеги жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Менчигинин, ишмердүүлүгүнүн түрүнө, уюмдашуу-укуктук таризине карабастан, экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырып жатышкан субъекттердин баары салык төлөөчүлөр болуп саналашат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ СИМВОЛДОРДУ ПАЙДАЛАНУУ САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Юридикалык жактар дагы, жеке жактар дагы – тийешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү символдорду (энтамгалар, шаарлардын, жерлердин, тарыхый эстеликтердин көрүнүштөрү) пайдаланган аргандай өнүмдөрдү өндүрүүчүлөр салык төлөөчү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР САЛЫГЫ – КР жер участогун пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү максаттуу салыктардын бири. Салык салуунун негизги объекттери (мейли айыл чарбачылык, мейли айыл чарбачылык эмес) жер участоктору болуп саналат. Менчигинин түрүнө карабастан, жерди пайдалануу укуктары атайын белгиленген үлгүдөгү документ– мамлекеттик акты, убактылуу күбөлүк жана тастыктама менен аныкталган жер пайдалануучулар Ж. с. негизги төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Аталган төлөөчүлөр үчүн салык салуу бирдиги гектар (1 га) айдоо жери алынган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЙЫР (КЕРЕКТӨӨ) САЛЫК – баага же наркка кошумча катары киргизилип, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө байланышпай турган товарга, жумушка, кызматка карата салык (кошумча наркка карата салык, акциз, калкка акы алуу менен кызмат көрсөтүүгө же соода кылууга карата салык ж. б.)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР – өз ишмердүүлүктөрүн өздөрүнө баш ийген аймактарда жүзөгө ашырып жатышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипте жана шарттарда салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр. Ж. с. жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджетке алынуучу салык төлөмдөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. Ж. с. тизмеси атайын мыйзамда аныкталган жана анда каралбаган башка салыктарды киргизүүгө жол берилбейт. Ж. с. өлчөмү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. КР Салык кодексинде төмөнкү Ж. с. белгиленген: а) курорттук салык; б) кыймылсыз мүлк салыгы; в) жарнама салыгы; г) кумаржай салыгы; д) чекене соода жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү салыгы; е) пайдаланылбай турган өндүрүштүк жана соода-турмуш тиричилик аянттарынан же алардын бир бөлүгү үчүн салынуучу салык; ж) жергиликтүү символиканы пайдалануу укугу үчүн салык; з) күнөскана шарттарында гүл өстүрүп, элге сатуучу жарандардан алынуучу салык; и) мейманкана салыгы; к) балык уулоо жана аңчылык кылуу укугу үчүн салык; л) алыскы чет өлкөлөргө чыгуучу туристтерден алынуучу салык; м) унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык; н) көрмө салондордон жана көңүл ачуучу-концерттик ишчараларга салык салуу. Чарба жүргүзүүчү баардык субъекттер, чет өлкөлүктөрү дагы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарында тигил же бул ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан жарандар Ж. с. төлөөчүлөр болуп саналышат. Кирешелер; белгилүү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасы; салык төлөөчүлөрдүн айрым ишмердүүлүктү түрлөрүнө укуктары жана мыйзам актылары менен белгиленген жана башка объекттер салык салуунун объекттери болуп саналат. Юридикалык жактар Ж. с. банк мекемелери аркылуу накалай эмес эсептешүү тартибинде төлөшөт. Жеке жактар аларды накалай каражат түрүндө Аманат банк мекемелерине же башка калктан төлөмдөрдү алуу милдети тагылган мекемелерге төгүшөт. Ал каражаттарды салык органдарынын алуусуна жол берилбейт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНДҮ САЛЫК – жалпы суммасы мамлекет тарабынан административдик аймак бирдиги үчүн белгиленип, андан кийин алар тарабынан салык төлөөчүлөрдүн ортосунда бөлүнө турган тикелей салык.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ САЛЫКТАР – салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнө тикелей салыктын түрү. Өзүнө жерге, үйгө, кесипчилик салыктарын камтып турат. Эреже катары, И. ж. с. республикалык эмес, жергиликтүү салыкка кирип, айрым бир чыгым түрлөрүн (м.: оңдоо чыгымын) чыгарып салуу менен, кыймылсыз мүлктүн баалоо наркы боюнча алынат жана кирешенин көлөмүнө көзкаранды болбойт (туруктуу чен).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУРОРТ САЛЫГЫ – КРдеги жергиликтүү бийликтин өкүлчүлүк органдары тарабынан белгилене турган жергиликтүү салыктардын бир түрү. Курорт жергесине келген жеке жактар К. с-нын төлөөчү болуп саналат. Курорт жерлеринин тизмеси КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САЛЫГЫ – жергиликтүү ар жылдык салык; жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча шаар аймагына, шаардын чет жакасына жана курорт тилкесиндеги денсоолук чыңдоо мекемелеринин аймагына киргизилет. К. м. с. толугу менен КРдеги жергиликтүү бюджетине түшөт. КР шаарларынын аймагында өз менчигинде кыймылсыз мүлкү бар баардык юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде эларалык уюмдар, ошондой эле чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн анын өзгөчөлөнгөн бөлүктөрү К. м. с. төлөөчү болуп саналат. Кыймылсыз мүлк салык салуунун объектиси болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ САЛЫГЫ – экономикалык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө субъекттерге товар түшүргөндүгү, аткарган жумушу, көрсөткөн кызматы үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан кошумча нарк салыгы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ ЖАНА БАЛЫК УУЛОО САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Аңчылык жана балыкчылык менен иш жүргүзгөн жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН КИРЕШЕСИНЕ САЛЫК – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Ю. ж. к. с-тын төлөөчүлөрү төмөндөгүлөр болуп саналат: а) экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү менен, КР аймагындагы да, ошондой эле анын чегинен сырткары да киреше булактарынан пайда тапкан баардык юридикалык резидент жактар; б) КРдин туруктуу мекемелеринин тутумунда экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү менен, КРдеги киреше булактарынан пайда тапкан баардык юридикалык резидент жактар. КР салык мыйзамдарында каралган салык төлөөчүнүн жылдык кирешесинин жыйындысы менен эсептен чыгаруунун ортосундагы айырма катары чегерилген пайда салык салуунун объектиси болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРНАМА САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Аргандай менчик түрүнө карабастан, ишканалар менен уюмдар, юридикалык резидент жактар менен юридикалык резидент эмес жактар, анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана жарнама жайгашкан жерлердеги дагы да башка өзалдынча бөлүктөрү, жарнама кызматын көрсөткөн жеке резидент жактар менен жеке резидент эмес жактар Ж. с. н төлөөчүлөр болуп саналат. Жумуш менен кызмат наркы салык салуунун объектиси болуп саналат. Жарнаманы даярдоо жана таркатуу боюнча кошумча нарк салыгы, чарбачылык ыкма менен жасалган жумуштар ага кирбейт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК БАЗАСЫ (салык негизи) – салык салына турган объектинин нарктык ж. б. жактан мүнөздөмөсү. Эгер салык обьектиси табылган пайда болсо, анда С. б. – бул нарктык чегерим көлөмү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК ЖАРНАГЫ – салык төлөөчүнүн белгилүү бир мезгил аралыгында тапкан кирешеси жана ага карата колдонулган жеңилдиктер жөнүндө ырасмий билдирүүсү. С. ж. менен аракеттеги салык салымынын ченинин негизинде төлөмгө жаткан салык көлөмүнө көзөмөлдүк кылынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК ТЕКШЕРҮҮСҮ – салык мыйзамдарында жана социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптардын салык төлөөчүлөр (милдеттүү түрдөгү патенттик негизде экономикалык ишмердүүлүк кылгандардан тышкары) тарабынан аткарылышы Салык кызмат органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жылына бир жолу толук текшериле турган ишчаралар топтому.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КР САЛЫК КЫЗМАТЫ (СК) – салык мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөлдүк кылуучу мамлекеттик башкаруу органдарынын тутуму. Салык мыйзамдарынын сакталышына, туура чегерилүүсүнө, салыктардын бюджетке толук жана өз маалында түшүүсүнө жана да КР мыйзамдарында белгиленген дагы башка милдеттүү төлөмдөргө көзөмөлдүк жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумун камсыз кылуу КР С. к-нын башкы милдетине кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК БЫЧЫМЫ – кирешенин акча бирдигине (эгер акча капиталынан түшкөн киреше болсо), жер аянтынын бирдигине, товарды өлчөө бирдигине карата салынган бирдикке карата салык көлөмү ж. б. у. с. салык төлөөчүнүн кирешесине карата пайыз түрүндө каралган С. ч. адатта салык квотасы аталат. С. ч-нин негизги түрлөрү: өтүмдүү – киреше көлөмүнө карабастан бирдикке (кээде баардык объектиге) карата эң жогорку өлчөмдө белгиленет (кара:Иш жүзүндөгү салык); теңдештик – анын көлөмүн эсептен чыгаруу менен, кирешеге карата бирдей таасир этет (кара:Пропорционалдык салык салуу); өсүүчү – салык салынган кирешенин өсүшү боюнча өсүп жүрүп отурат (кара:Прогрессивдик салык салуу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК БОЮНЧА КЕП-КЕҢЕШ БЕРҮҮ – КР салык мыйзамдарына ылайык, салыктарды төгүүдө жана чегерүүдө жарандар менен юридикалык жактарга көзкарандысыз салык кеп-кеңешчилеринин адистик жардам көрсөтүүсү. Салык кеп-кеңеши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: а) кардарларына (ишеним берген жактарга) салык маселелери боюнча өзүнө берилген тапшырманын чегинде кеп-кеңеш берүү, бухгалтердик эсеп менен отчеттуулукту жүргүзүүгө жардам көрсөтүү, салык салуу максаты үчүн документтерди түзүү; б) өз кардарларынын (ишеним берген жактарынын) атынан жана алардын тапшырмасы боюнча ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтарып берүү; КР Салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, талаптарын коюу; в) өз кардарларынын (ишеним берген жактарынын) атынан жана алардын тапшырмасы менен салык салуу маселелери боюнча сотто, салык полициясында, салык инспекциясында ж. б. укук коргоо органдарында өкүлчүлүк кылуу; г) салык салуу талаш-тартыштары боюнча көзкарандысыз эксперт катары сот, укук коргоо ж. б. органдардын ишине катышуу; д) туура эмес кеп-кеңеш бергендиги, адистик адеп-актык каада менен КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жооп-керчилик.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ – мамлекеттик бюджеттин пайдасы үчүн салык мыйзамдарына белгиленеген милдеттүү төлөмдөрдүн Салык кызматы тарабынан салык төлөөчүгө көрсөтүлгөн суммасы, ошондой эле салык төлөөчүнүн салык Мыйзамдарында аныкталган милдеттенмеси.

Русско-киргизский терминологический словарь налоговой службы (2018)
Салык милдеттенмеси -Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде мамлекеттик бюджеттин пайдасына белгиленген салык органы тарабынан салык төлөөчүгө көрсөтүлгөн салык милдеттенмелеринин суммасы, ошондой эле КРдин Салык кодекси тарабынан аныкталаган салык төлөөчүнүн милдеттери

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУСУ – юридикалык жактардын ишмердүүлүгүндөгү аргандай варианттарынын ортосундагы иргөө жана келип чыгуучу салык милдеттенмелеринин мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлине жетишүүгө багытталган активдерин жайгаштыруу. С. п-нун өзөгүндө мыйзам тарабынан белгиленген баардык жеңилдиктерди мүмкүн болушунча толук жана туура пайдалануу, ошондой эле салык органдарынын ишине баа берүү жана мамлекеттин салык, бюджет, инвестициялык саясатынын негизги багыттарын каттоо жатат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК УКУГУ – белгилүү бир мамлекетте салык түрлөрү менен аны алуу тартибин белгилөөчү, салык милдеттенмелеринин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө, токтотулушуна байланыштуу мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысы; каржы укук тармагынын бир тарамы. С. у-нун булактары: КР Конституциясы, КР Салык кодекси, салык салуу маселелерин козгогон дагы башка мыйзамдар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК ТАРТИБИН БУЗУУ – юридикалык жоопкерчилик бекитилген салык мамилелеринин катышуучуларынын салык милдеттеринин, укугунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу. С. т. б. төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: а) салык тутумуна каршы; б) салык төлөөчүлөрдүн укугу менен эркиндигине каршы; в) бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылуусуна каршы; г) салык төлөөчүлөрдүн өз милдеттенмелерин аткаруу кепилдигинин тутумуна каршы; д) салык органдарынын көзөмөлдүк иш-милдетине каршы; е) бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө, бухгалтердик жана салык отчеттуулугун түзүү менен берүүгө каршы; ж) салыкты төлөө боюнча милдеттенмелерге каршы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК АГЕНТИ – КР мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчүнүн салыктарын эсептөө, кармап калуу жана аларды бюджетке чегерүү боюнча милдет жүктөлгөн жактар; салык салуу субъектисинин атынан иш жүргүзгөн, бирок анын кызматкери болуп саналбаган субьект.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК КОЛТИЙБЕСТИГИ – улуттук же эларалык укукка ылайык, айрым юридикалык же жеке жактарга салык төлөө милдеттенмесинен бошонуу укугунун берилиши. Мисалы, КР аймагында КРУБга С. к. берилген. Ошентип, КРУБ, анын обулустук башкармалыгы, анын менчиги, мүлкү менен кирешелери, ошондой эле бүтүмдөр менен аткарымдар баардык салыктардан, бажы жана башка жыйымдардан, мамлекеттик алымдардан бошотулган. С. к. КРУБ түзгөн юридикалык жактарга таркатылбайт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК САЛУУ – салыкка эсеп-кысап жүргүзүү жана төлөө таризинин тутуму. КР салык мыйзамдарына ылайык, С. с. элементине төмөндөгүлөр кирет: а) С. с. объектиси; б) салык базасы; в)салык мезгили; г) салык чени; д) салыкты чегерүү тартиби; е) салыкты төлөө тартиби менен мөөнөтү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРМӨЖАЙЛАР МЕНЕН ОЮН-ШООК ИШЧАРАЛАРЫНА САЛЫК САЛУУ – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Көрмөжайы бар, ачык аянттарда менен стадиондордо, спорт сарайларында оюн-зоок ишчараларын өткөргөн, жана да андан видеокөрсөтүү жүрүзгөн юридикалык жана жеке жактар салык төлөөчү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕГЕРИМГЕ ЖАТЧУ САЛЫК – материалдык байлыкты сатып алгандыгы үчүн төлөнгөн же төлөнө турган кошумча нарк салыгы. Салык мыйзамдарына ылайык белгилүү бир салык мезгил аралыгындагы экономикалык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө келип чыгуучу товарларды түшүргөндүгү, жумуштарды аткаргандыгы жана тейлөө кызматын көрсөткөндүгү үчүн кошумча нарк салыгынын суммасынан чыгарылып салынууга тийиш.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ АДАМДАРДАН КИРЕШЕ САЛЫГЫ – КРдеги жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Кирешиси бар, КР резиденттери жана резидент эместери – жеке адамдар салык төлөөчүлөр болуп саналышат. Ж. а. к. с-ынын салык алуу объектиси салык төлөөчүнүн жалпы жылдык кирешеси менен КР мыйзамдарында аныкталган салыктарды чыгарып салуунун айырмасы катары эсептелген киреше болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УНАА КАРАЖАТ ЭЭЛЕРИНЕН АЛЫНУУЧУ САЛЫК – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Менчигинде унаа каражаттары жана башка өзү жүрүүчү машиналар менен механизмдери бар КР жарандары, чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп саналат. У. к. э. а. с. КР аймагы боюнча жылына бир ирет төлөнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ГҮЛДӨРДҮ КҮНӨСКАНА ШАРТТАРЫНДА ӨСТҮРҮШКӨН ЖАНА КАЛККА САТКАН ЖАРАНДАРДАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Күнөскана шартында гүл өстүргөн жана аны калк арасына саткан жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат. Сатыктан түшкөн киреше салык салуунун объектиси болуп эсептелет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨМҮСКӨ САЛЫК – түздөнтүз керектөөчү тарабынан төлөнбөгөн, бирок ал үчүн белгиленген баага киргизилген (көбүнесе керектөөчүнүн макулдугусуз эле) салык. Бажы алымы К. с-тын бир мисалы болуп кызмат кылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЛЫС ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРГАН ТУРИСТТЕРДЕН АЛЫНГАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Алыскы чет өлкөлөргө барган жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат.