~, ая, -ое
налог-го т.;
налоговая политика налог саясаты.
САЛЫК ЖЫЛЫ – салык төлөөчүлөр үчүн календардык жыл (1-январдан 31-декабрга чейин) салык жылы болуп саналат.
САЛЫК КОЛТИЙБЕСТИГИ – улуттук же эларалык укукка ылайык, айрым юридикалык же жеке жактарга салык төлөө милдеттенмесинен бошонуу укугунун берилиши. Мисалы, КР аймагында КРУБга С. к. берилген. Ошентип, КРУБ, анын обулустук башкармалыгы, анын менчиги, мүлкү менен кирешелери, ошондой эле бүтүмдөр менен аткарымдар баардык салыктардан, бажы жана башка жыйымдардан, мамлекеттик алымдардан бошотулган. С. к. КРУБ түзгөн юридикалык жактарга таркатылбайт.
Салык органы - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдуу бөлүгү
САЛЫК МЕЗГИЛИ – салык салуу максаты үчүн белгиленген эсептөө мезгили.