Налог с граждан, выращивающих цветы в тепличных условиях и реализующих их населению
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ГҮЛДӨРДҮ КҮНӨСКАНА ШАРТТАРЫНДА ӨСТҮРҮШКӨН ЖАНА КАЛККА САТКАН ЖАРАНДАРДАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Күнөскана шартында гүл өстүргөн жана аны калк арасына саткан жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат. Сатыктан түшкөн киреше салык салуунун объектиси болуп эсептелет.