кийин I после, затем, впоследствии; бир аздан кийин немного погодя; беш күндөн кийин через пять дней; менден кийин после меня; анан кийин после него; после того, затем; кийинчерээк немного спустя, несколько позже; кийин кал- остаться позади, отстать; ээрин кийин таштабас фольк. (о верховом коне) тот, который не сдвигает седло назад; гандан кийин 1) после того, как...; 2) раз уж..., если уж...; милдеттенмени алгандан кийин, аны орундоо керек раз взяли обязательство, его нужно выполнить; иш оңунда болгондон кийин... а уж раз дело в порядке, то...; соң кийин см.соң. кийин- II возвр. откий- II одеваться, надевать на себя (одежду, обувь, головной убор); эркек киймин кийинип одевшись в мужскую одежду; аккуу кебин кийинип фольк. приняв вид лебедя; обернувшись лебедем.
I кий этишинин өздүк мамилеси.
КИЙИНIIтакт. Артка, артта, соңунда. Айбыгып кийин калган жок, Ала-Тоонун балдары (Маликов). Силер кичине кийин болгулачы (Жантөшев).
КИЙИНIIIжанд. Соң, артында, бир аз же бир топ убакыт өткөндө. Кебек карыя менен коштошкондон кийин Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров). Чынар кийин качыптыр деп уктук (Сыдыкбеков).
¨ Алды-кийининкарабоо — эч нерсеге карабоо, алды-артына карабоо. Алды-кийинин карабай Аябай каргап таштады («Семетей»).
Бул сөз кий+ин бөлүктөрүнөн турат. Кий уңгусу байыркы түркчө кед//кет//көт «арт, арка жак» сөзүнө туура келет. Ага тактооч жасоочу -ын мүчөсү жалганып, кедин//кидин сөзү келип чыккан. Ал «1) арт жактан; 2) арткы; 3) анан, соң; 4) кийин» маанилерин берген (ДТС, 293).
Арт жакта, бирөөнүн, бир нерсенин соңунда, артында, оолагыраак жагында. Тебелеп тулаңыңды көп ойнодум, Так болуп баскан изим калар кийин (Шимеев). Тура түшүп, бир аз кийин калып калган Оморбайга кылчайып, шылдыңдап күлүп койду (Элебаев). Силер кичине кийин болгулачы (Жантөшев).
Белгилүү убакыт өткөндө, өткөн соң, кийинчерээкте, соңунда. Бир аздан кийин кайда экенин таап алып, жанына барды (Элебаев). Аздан кийин көзүнөн жаш чыгып, апкаарый түшүп, муунуп кетти (Байтемиров).
Кийин болуу, артын карай жылуу, кетенчиктөө, артта калуу. Өзүм да кийиндеп олтурдум («Чалкан»). Омор эшик алдына келгенде, кийиндей берди (Сыдыкбеков). Иштин кыймылы анча эмес, күндөн-күнгө кийиндеп бараткансыйт («Ала-Тоо»).
последний; задний; кийинки мүнөттө в последнюю минуту; кийинки күндөрдө в последние дни, в последнее время; адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят погов. человек стареет, видя молодое поколение (букв. тех, кто после него); кийинкиге калтыр- отсрочить, отложить (на более поздний срок, до следующего раза).
Акыркы, соңку, сонундагы, арт жагындагы. Бирок канчалык аны самаганы менен ыгы келип, кийинки күндөрдө жолуга албай койду (Байтемиров). Карабек да кийинки жылы жашылча өстүрүүгө киришти (Каимов). Мындан кийинки бешинчи үйдөн сурасаңар болот («Ала-Тоо»).
next-of-kin process (noun)
A process that allows for the release of contents–for example emails and their attachments, address books, and contact lists–to the next of kin of a deceased or incapacitated email account holder and/or for the closure of an email account.