КИЙИН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз кий+ин бөлүктөрүнөн турат. Кий уңгусу байыркы түркчө кед//кет//көт «арт, арка жак» сөзүнө туура келет. Ага тактооч жасоочу -ын мүчөсү жалганып, кедин//кидин сөзү келип чыккан. Ал «1) арт жактан; 2) арткы; 3) анан, соң; 4) кийин» маанилерин берген (ДТС, 293).