КИЙИН II
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Арт жакта, бирөөнүн, бир нерсенин соңунда, артында, оолагыраак жагында. Тебелеп тулаңыңды көп ойнодум, Так болуп баскан изим калар кийин (Шимеев). Тура түшүп, бир аз кийин калып калган Оморбайга кылчайып, шылдыңдап күлүп койду (Элебаев). Силер кичине кийин болгулачы (Жантөшев).