Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымбат баалуу кездеменин түрү. Арзан иш эмес ойлочу, Алтын, кете арттырып («Эл адабияты»). 2. Аялдардын баалуу кездемеден жасалган бешманты, кемсели. Келинге кете кийгизип, Кете тондун этегин, Керилтип жерге тийгизип («Манас»). Кете тон кийип жаркылдап («Семетей» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Артка кетүү, артка жылуу, чегинүү. Атабек кетенчиктеп чыга жөнөдү (Жантөшев). [Айгүл].. акырын кетенчиктеп олтуруп эшикке жакындады (Жантөшев).
2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Иши оңолбой, улам кетенчиктеп туруп алды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Артын карай кадам шилтөө, чегинүү, артын көздөй жылуу. Айла канча! Рудольф кетенчиктей басып, кайра чыкты (Баялинов). Айгүл акырын кетенчиктеп отуруп, эшикке жакындады. (Жантөшев). 2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Биздин ишибиз күндөн-күнгө кедери кетип, кетенчиктеп баратат («Чалкан»). 3. өт Ийменүү, тартынуу, батына албоо, айбыгуу. Ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айта албадым (Айтматов).