КЕТЕНЧИКТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Артын карай кадам шилтөө, чегинүү, артын көздөй жылуу. Айла канча! Рудольф кетенчиктей басып, кайра чыкты (Баялинов). Айгүл акырын кетенчиктеп отуруп, эшикке жакындады. (Жантөшев). 2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Биздин ишибиз күндөн-күнгө кедери кетип, кетенчиктеп баратат («Чалкан»). 3. өт Ийменүү, тартынуу, батына албоо, айбыгуу. Ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айта албадым (Айтматов).