этиш. 1. Артка кетүү, артка жылуу, чегинүү. Атабек кетенчиктеп чыга жөнөдү (Жантөшев). [Айгүл].. акырын кетенчиктеп олтуруп эшикке жакындады (Жантөшев).
2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Иши оңолбой, улам кетенчиктеп туруп алды.
1. пятиться, отступать;
кетенчиктеп барып тамга сөөндү попятившись, он прислонился к стене;
2. перен. деградировать.
1. Артын карай кадам шилтөө, чегинүү, артын көздөй жылуу. Айла канча! Рудольф кетенчиктей басып, кайра чыкты (Баялинов). Айгүл акырын кетенчиктеп отуруп, эшикке жакындады. (Жантөшев). 2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Биздин ишибиз күндөн-күнгө кедери кетип, кетенчиктеп баратат («Чалкан»). 3. өт Ийменүү, тартынуу, батына албоо, айбыгуу. Ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айта албадым (Айтматов).
кетенчикте этишинин аркылуу мамилеси.
кетенчиктет-, кетенчик тетти
кетенчикте этишинин аркылуу мамилеси.