Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Катуу абалга келтирүү, кургатуу. Келин-кыздар кылдат менен тилишет, Бекеринен албайлы деп катырып (Осмонкул).
  1. 2.                  өт. Талкалоо, кыйратуу, жазасын берүү, оңдурбай салуу. Кармаганын катырган, Балбан сыны бар экен («Манас»). — Катыр, кайран досум (Бейшеналиев).
  2. 3.                  Жеткире келиштирүү, мыктылоо. Каргыш тийгир кара сан, Катыра камчы чаба көр, Төштүк! («Эр Төштүк»). Ишти аябай катырыпсыңар («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
катыр- II
понуд. от кат- IV
1. сушить, иссушить; довести до затвердения;
аттын этин катырды он вытренировал коня, он подготовил коня к скачкам (букв. высушил тело коня);
чекесин күнгө катырып стих. грея свой лоб на солнце;
катырган эмедей унсүз туруп калды он стоял безмолвно, как мумия (букв, как засушенный);
кашына канын катырып фольк. окровавив его (букв. сделав так, что на брови его кровь засохла);
2. перен. производить сильное действие, действовать с силой;
катыра жүрүп, жол чалып фольк. быстро ездя, путь разведывая;
катыра камчы чапты он с силой хлестнул плетью;
камчы салды атына, кара санга катыра фольк. ударил он плетью коня своего крепко по ляжке;
3. делать что-л. ловко, хорошо, мастерски;
кармаганын катырган балбан сыны бар экен фольк. в нём видны качества богатыря, который разделает того, кто с ним схватится;
катыра кубалап неотступно гонясь;
кармап алып өзүмдү, катыра сурап сөзүмдү фольк. поймав меня самого, расспросил меня дотошно;
катырдың! здорово у тебя вышло!;
катыра суук сильный холод, мороз трескучий;
тилегин катыр- разбить чьи-л. надежды.
катыр- III
түн катыр- см. түн I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу кылуу, каткан абалга келтирип кургатуу. Шалбыраган, жаргак шымын күнгө жайып коюп катырган экенсиң («Ала-Тоо»). Катырган куруттарын жыйнап, энебиз эшикте жүргөн эле («Жаш ленинчи»). 2. өт. Этинен түшүрүү, жүгүрө тургандай абалга келтирүү, таптоо, суутуу. Кара кер атын атам чабышка салчудай таптап, катырып койгон (Бейшеналиев). 3. өт. Талкалоо, таш-талканын чыгаруу, жазасын берүү. Кармаганын катырган Балбан сыны бар экен («Манас»). Кадемин минтип катырды, Карыганда каңгыртып (Тоголок Молдо). Кара таандай калмактар Катырсын таштай тилегин («Курманбек»). Эсерлердин эңсесин катырып кожоюндарды колтукка согуш керек (Сасыкбаев). 4. өт. Аябай мыктылоо, келиштирүү, жерине жеткирүү, окшотуу. Үйдү катырган экенсиң! – деди Султан жаңы үйүбүздүн ары жак, бери жагын карап («Ала-Тоо»). Ошондо да сөзгө чечен жигит моюн бербей, катыра сүйлөп жатты. («Чалкан»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАТЫРАҢ — эпизоддук кейипкер, аяр кыз. Арсы жаң-жуңдун өлгөнүн уккан амбал Кубан К. аярга келаткан жоонун жолун тостурат. Отун терген карыган кемпир болуп кубулган К. аяр Кызарттын белинде Үрбүнүн колунун алдынан чыгат. К. түрдүүчө кубулуп колду далай алакетке салат. Акыры Мунаркандын Арсалаң аярынан жеңилет. Душман башчысы Кубан жеңилип, Мунарканга кошулат. Элдин каргышына калган К. өлөт. Анын жаны башка жакта жашаган жети суусар болот. Ошол жети суусар өлгөндө күн күркүрөгөндөй добуш чыгып, караңгылык түшөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачыбаган камырдан жайылып, казанга же отко кактап бышырылган нан, калама. Сейил калдайган чоң катырманы алып кирди (Абдукаримов). Отко какталып турган жүгөрү катырмасын алып, дасторконго сындырып койду (Абдукаримов).