катыр
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Катуу абалга келтирүү, кургатуу. Келин-кыздар кылдат менен тилишет, Бекеринен албайлы деп катырып (Осмонкул).
- 2. өт. Талкалоо, кыйратуу, жазасын берүү, оңдурбай салуу. Кармаганын катырган, Балбан сыны бар экен («Манас»). — Катыр, кайран досум (Бейшеналиев).
- 3. Жеткире келиштирүү, мыктылоо. Каргыш тийгир кара сан, Катыра камчы чаба көр, Төштүк! («Эр Төштүк»). Ишти аябай катырыпсыңар («Ала-Тоо»).