Толковый словарь кыргызского языка. 2015
экон. Демилгелүү иш-аракеттери менен айырмалануучу жана ишкананын уюштуруу үчүн каражаттарды издештирип табуучу, ошол каражаттар менен ишкердик тобокелин жана мүлктүк жоопкерчиликти өз мойнуна алган, мамлекеттик каттоодон өткөн жана катталгандыгы жөнүндө күбөлүк алган жак, инсан. Зейнеп чыйрак, ишкер аял («Советтик Кыргызстан»). Султаналы ишкер неме (Каимов). Шамбеттер ишкер болуп чыкканда, Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК – киреше алууга багытталган, өз тобокелчилигине жана өзүнүн мүлк жоопкерчилигине негизделген, өзүнүн же карыз алган каражаттардын эсебинен, өз атынан жеке жана юридикалык жактардын өзалдынча, өз демилгелүү экономикалык ишмердиктери (кара:Жеке ишкердик).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК БЕДЕЛ – материалдык эмес байгерчиликтин бири. Бир жактын кесиптик сапат баасын билдирет. Баардык жаран, анын ичинде ишкердүүлүк кылгандар да, ошондой эле юридикалык жактар дагы И. б-не ээ болот (кара:Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК УКУК – жеке ишкердикти жөнгө салуучу КР мыйзамдарынын комплекстүү тармагы. И. у-тун негизин КР жарандык мыйзамдары түзөт. Ушуну менен бир катарда эле, жеке ишкердикти каржы, салык, эмгек, жер, кылмыш-жаза жана жалпы укук деген түшүнүктү өзүнө камтыган мыйзамдардын дагы башка көп тармактарынын ченемдери жөнгө салат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕР ЖҮГҮРТҮМ КААДАЛАРЫ – мыйзамда каралбаган, кандайдыр бир документтерде жазылган-жазылбаганына карабастан, ишкердиктин кандайдыр бир тармактарында калыптанган жана кеңири колдонулган жүрүм-турум эрежелери таанылат. Тийиштүү мамилелердин катышуучулары үчүн милдеттүү болгон мыйзам же келишим жоболоруна карама-каршы келген ишкер жүгүртүм эрежелери колдонулбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРЧИЛИК СУБЪЕКТТЕРИ – менчик түрү менен укуктук-уюштуруу таризине карабастан, киреше табуу максатында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, өз тобокелчилиги жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган иш-аракеттерди жасаган юридикалык жана жеке жактар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРЧИЛИК ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги конституциялык экономикалык эркиндиктеринин бири. Ал өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн ишкана түзүү, катарына жер дагы кирген өндүрүш каражаттарына ээ болуу, тапкан кирешесин өзалдынча тескөө укугу сындуу ишкерчилик жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган чарбачылык иштерге колдонуу укугун билдирет. КР конституциялык мыйзамдары И. э-н бекемдөө менен бирге, жекебасарлаштыруу менен акниетсиз атаандаштыкка багытталган экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуу аркылуу аны чектеп турат.