Ишкерчилик субъекттери
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ИШКЕРЧИЛИК СУБЪЕКТТЕРИ – менчик түрү менен укуктук-уюштуруу таризине карабастан, киреше табуу максатында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, өз тобокелчилиги жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган иш-аракеттерди жасаган юридикалык жана жеке жактар.