Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК – киреше алууга багытталган, өз тобокелчилигине жана өзүнүн мүлк жоопкерчилигине негизделген, өзүнүн же карыз алган каражаттардын эсебинен, өз атынан жеке жана юридикалык жактардын өзалдынча, өз демилгелүү экономикалык ишмердиктери (кара:Жеке ишкердик).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК БЕДЕЛ – материалдык эмес байгерчиликтин бири. Бир жактын кесиптик сапат баасын билдирет. Баардык жаран, анын ичинде ишкердүүлүк кылгандар да, ошондой эле юридикалык жактар дагы И. б-не ээ болот (кара:Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРДИК УКУК – жеке ишкердикти жөнгө салуучу КР мыйзамдарынын комплекстүү тармагы. И. у-тун негизин КР жарандык мыйзамдары түзөт. Ушуну менен бир катарда эле, жеке ишкердикти каржы, салык, эмгек, жер, кылмыш-жаза жана жалпы укук деген түшүнүктү өзүнө камтыган мыйзамдардын дагы башка көп тармактарынын ченемдери жөнгө салат.