Киргизско-русский словарь Юдахина
жарык I
свет; светлый;
жарык кыл- осветить, зажечь свет;
бир үйдүн жарыгы бир үйгө түшпөйт погов. свет одной юрты не падает на другую;
жарыкка чык- выйти в свет (быть изданным, напечатанным);
китеп эмне үчүн жарыкка чыкпай калды? почему книга не вышла в свет?
маңдайы жарык он просветлел, он доволен;
маңдайы жарык, келечеги кеңири адам человек довольный, с большими перспективами;
күндөн жарык ясно как день;
жарыгым ласк. светик мой, мой миленький.
жарык II
трещина, щель; треснувший.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Көрүү сезимине таасир этип, айлана-чөйрөнү көзгө көрүнө турган абалга келтирүүчү нур, шоола. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт (макал). Күндүн жарыгы. Оттун жарыгы.
  1. 2.                  Айлана-чөйрө көрүнүп турган, караңгы түшө элек мезгил, күндүз. Эми биз, карыялар, жарыкта эптеп үйгө жетип алалы (Абдукаримов).
  2. 3.                  өт. Таалай, жыргал, бакыт. Советтин жарык күнүндө Териме батпай семирдим (Токтогул). Жарык нурду көрсөткөн Ленин жолу жашасын (Тоголок Молдо).

¨ Маңдайы жарык — көңүлү шат, кубанычтуу, жайдары. Маңдайы жарык жылдыздуу Шерик болот ырыска (Осмонкул). Жүзү жарык — 1) ажарлуу, жайдары; 2) айыпсыз, элге уят болгудай, эл наалат айткыдай эмес. Эл алдында жүзүм жарык, айыбым жок («Чалкан»). Жарыкка чыгуу — китеп, журнал, газета ж.б. бетинде басылып чыгуу, Жарыялануу .
ЖАРЫК II зат. 1. Жарылган, бөлүнгөн жер, сыныктын изи, жик, жарака. Жер жарыгы тозокко Жакын кирип барды эле («Эр Төштүк»). Жыгачтын жарыгы.
2. Дененин айра чабылган, тилинген жери. Уу камчы тийген шак-шак, жарык башы, Баланын «Туткуч» экен билдим аты (Бөкөнбаев). Кыдырып жүрүп кыйналып, Таманым жарык чор болду (Токтогул).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жарык (нур, шоола), жарыгы, жарыкка
жарыгы тийүү
жарык басымы
жарык бирдиктери
жарык дүйнө
жарык жылы
жарык күчү
жарык маңдай
жарык нур (физ.)
жарык приборлору
жарык режими (физ.)
жарык той
жарык толкуну
жарык чоңдуктары
жарык ылдамдыгы
жарык энергиясы
жарыкка келүү
жарыкка чыгуу (басмадан)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүү сезимине таасир этип, айлана-чөйрөнү көзгө көрүнө турган абалга келтирүүчү нур, шоола, нурдуу энергия. Электр сансыз үйгө жарык чачат (Шүкүрбеков). Жарымсыз күйгөн оттун жарыгы көрүндү (Жантөшев). 2. Нур чачырап, шоола чачып же күйүп турган абал, караңгылыкка капталбай, айлана-чөйрө көрүнүп турган мезгил. Үйдүн ичи уламдан-улам жарык болуп келет (Жантөшев). Эми биз, карыялар, жарыкта эптеп үйгө жетип алалы (Абдукаримов). 3. Жарыгым формасында, таанд. м. менен. Көбүнчө балам, кулунум деген мааниде эркелетүү иретинде айтылат. Камка Мыскал жакка кол созду: – Келчи, жарыгым (Сыдыкбеков). Камка көздөрүн сүртүп жатып: – Кагылайын жарыгым,– деди (Сыдыкбеков). 4. өт. Бакыттын, кубанычтын, шаттыктын, маданияттын символу катарында колдонулат. Таң кашкайып, нур чачып, Жарык берди Октябрь (Тоголок Молдо). Таалайдын мунарына чыга турган, Бүт элге дайым ачты жарык жолду (Токомбаев). Элибиз чыкты жарыкка, Ильичтин шамы жанды эле (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир сынган нерсенин узатасынан кеткен жиги, изи же эки жакка ажырап ачылып калган жери, жарака. Муздун жарыгы. Жердин жарыгы. 2. Дененин айрылган же чатырап жарылып кеткен жери. Кыдырып жүрүп кыйналып, Таманым жарык чор болду (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адам баласынын өлгөнгө чейин жашап турган дүйнөсү. Көп өптөй иниси жарык дүйнө менен кош айтышты («Кыргызстан маданияты»). Деги адам баласы жарык дүйнө менен кош айтышканда гана үмүттөн кол үзөт го... (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Диний ишеним боюнча адам баласы өлгөнгө чейин жашап турган дүйнө, жашоо-тиричилик. Көп өтпөй иниси жарык дүйнө менен кош айтышты («Кыргызстан маданияты»). Деги адам баласы жарык дүйнө менен кош айтышканда гана үмүттөн кол үзөт го... (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Китеп, журнал, газета ж. б. бетинде басылып, жарыялануу. Ал эми аларды мактап жазгандар халтура чыгармалары болсо да бастырышып, тандалмаларын, томдуктарды биринин артынан экинчисин жарыкка чыгарышкан («Кыргызстан маданияты»). 1930-жылдардын ичинде чакан эпостор жарыкка чыкты («Ала-Тоо»). В.: Жарык көрүү. Биринчи китебине жогоркудай мамиле болгон соң, токтолуп калган, экинчи китеби да жарык көрө элек («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Китеп, журнал, газета ж.б. бетинде басылып, жарыяланып туруу. Ал эми аларды мактап жазгандар... халтура чыгармалары болсо да бастырышып, тандалмаларын, томдуктарды биринин артынан экинчисин жарыкка чыгарышкан («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Улгайган, эски кишилерге карата урматтоо катарында айтылчу сөз. Жарыктык карыя, сиздин ал кездеги көргөндөрүңүздүн бүгүн бири да жок, мезгил өттү, турмуш кайрадан жаңырды («Ала-Тоо»). Жарыктык апамдын боорукерлигичи («Чалкан»).
ЖАРЫКТЫК II зат. Жарыкчылык; жакшы турмуш, жыргал турмуш, бакыттуулук; билимге, маданиятка ээ болгондук. Жарыктыкка чыгарды Жабыккан кыз-келинди (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө улгайган, картаң адамдарга карата аёо, боор ооруу сезими менен сыйлоо, урматтоо иретинде. О, жарыктык! – деди кемпирди колунан сүйөгөн Шамбет (Сыдыкбеков). Жарыктык карыя, убараланбай эле олтурсаңызчы (Токомбаев). 2. Кандайдыр бир көрүнүшкө таң берүү, улуу деп санап кадырлоо, барктоо, ыйык көрүү маанисинде колдонулат. Мелтиреген жарыктык Белгилүү Соң-Көл көл аман (Тоголок Молдо). Олжодо жүргөн Кылкүрөң, Айбандан эстүү жарыктык, Бура тартып, булт койду («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жарык дүйнө, жарыктык; жакшы турмуш, түнт, караңгы абалда эмес. Жарыкчылык бетин көрө албай, темтеңдеп жүрүп эле өтүп кетүүчү турбайбы? — деди (Убукеев). Жарыкчылык дүйнө менен коштошчу күн ушул турбайбы деп ойлодум («Чалкан»).