Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүү сезимине таасир этип, айлана-чөйрөнү көзгө көрүнө турган абалга келтирүүчү нур, шоола, нурдуу энергия. Электр сансыз үйгө жарык чачат (Шүкүрбеков). Жарымсыз күйгөн оттун жарыгы көрүндү (Жантөшев). 2. Нур чачырап, шоола чачып же күйүп турган абал, караңгылыкка капталбай, айлана-чөйрө көрүнүп турган мезгил. Үйдүн ичи уламдан-улам жарык болуп келет (Жантөшев). Эми биз, карыялар, жарыкта эптеп үйгө жетип алалы (Абдукаримов). 3. Жарыгым формасында, таанд. м. менен. Көбүнчө балам, кулунум деген мааниде эркелетүү иретинде айтылат. Камка Мыскал жакка кол созду: – Келчи, жарыгым (Сыдыкбеков). Камка көздөрүн сүртүп жатып: – Кагылайын жарыгым,– деди (Сыдыкбеков). 4. өт. Бакыттын, кубанычтын, шаттыктын, маданияттын символу катарында колдонулат. Таң кашкайып, нур чачып, Жарык берди Октябрь (Тоголок Молдо). Таалайдын мунарына чыга турган, Бүт элге дайым ачты жарык жолду (Токомбаев). Элибиз чыкты жарыкка, Ильичтин шамы жанды эле (Осмонкул).