сов. 1. кого-что жеткирүү, жеткирип берүү; доставить товар товар жеткирүү; доставить на дом үйгө жеткирип берүү; 2. что (причинить) себепкер болуу; твой приезд доставил мне большую радость сенин келишиң мага чон, кубаныч болду.
ЧЕГАРАГА ЖЕТКИРИЛДИ (DAF) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча, сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде каралган күнү же мөөнөттө чегарадагы макулдашылган жерге чейин өз эсебинен сатып алуучунун карамагына жеткирип берүүгө, товарды сыртка чыгаруу жол-жоболорун жасоого, товардын сатуучунун колуна тийгенге чейинки тобокелчилигин көтөрүүгө милдеткер болот. Мындай шарт товар автоунаа же темиржол каражаты аркылуу ташылганда колдонулат. Бирок, ал башка ташып жеткирүү каражаттарына карата да колдонулушу мүмкүн.
СУУБЕКЕТКЕ ЖЕТКИРИЛДИ, АЛЫМДАР ТӨЛӨНДҮ (DEQ) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын келишимде көрсөтүлгөн суубекеттеги макулдашылган жайга чейин андан ары ташып кетүү үчүн «тазаланган» түрүндө жеткирип берүүгө милдеткер болот. Сатуучу товардын белгиленген жерге жеткирилгенге чейинки баардык тобокелчилиги менен чыгымдарын көтөрөт. Сатып алуучу сатуучу тарабынан жеткирилип, карамагына тапшырган товарды суубекеттеги макулдашылган жайда кабыл алууга, бекетте товар кабыл алынган учурдан тартып, анын башка чыгымдары менен тобокелчилигин өзү тартууга милдеттүү.
АЛЫМДАРЫ ТӨЛӨНБӨЙ ЖЕТКИРИЛДИ (DDU) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөн ташып чыгаруучу өлкөнүн жерине чейин товар жеткирип берет. Сатуучу товар ташып чыгарууда төлөнүүчү алым, салык ж. б. ырасмий жыйымдарды кошпогондо, калган товар жеткирүүгө байланыштуу баардык тобокелчилик менен чыгымдарды, ошондой эле бажы жолжоболорун жасоо боюнча тобокелчилик менен чыгымдарын толук көтөрөт. Сатуучу товар ташып чыгарууда өз маалында «тазалабай» коюудан улам келип чыккан кошумча чыгымдарды өзү төлөйт, тобокелчилигин өзү көтөрөт. Товар ташуунун кайсы түрүнө карабастан, ушундай шарт колдонулат.
АЛЫМДАРЫ ТӨЛӨНҮП ЖЕТКИРИЛДИ (DDP) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде каралган күнү же мөөнөттө өлкөнүн макулдашылган товар ташып чыгаруучу жерине чейин жеткирип берүүгө милдеткер болот. Алымы, салыгы менен кошо, товар ташып чыгаруу үчүн «тазаланган» товарды жеткирүү боюнча баардык тобокелчилик менен чыгымдарды сатуучу өзү көтөрөт. Жеткирүүгө макулдашылган жерде сатып алуучу товарды кабыл алууга милдеттүү. Макулдашылган жерде сатуучу тарабынан товар тапшырылган соң, товарга байланыштуу калган тобокелчилик менен чыгымдардын баардыгын сатып алуучу өзү көтөрөт.
КЕМЕДЕН ТАШЫП ЖЕТКИРИЛДИ (DES) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын келишимде каралган суубекетке жеткирет да, аны сатып алуучуга ташып кирүү үчүн «тазаланбаган» бойдон кеме үстүнөн тапшырып, көрсөтүлгөн бекетке чейин жеткирүүгө байланышкан баардык тобокелчилик менен чыгымдарын өзү тартат. Сатып алуучу белгиленген бекеттеги кемеден товарды кабыл алуу менен, аны импорттук «тазалоодон» өткөрүп, сатуучудан товар кабыл алгандан кийинки тобокелчилик менен чыгымдарды өзү көтөрөт жана да товардын текжайы тууралуу күбөлүгү менен консулдук фактураны жолжоболоштурууда сатуучу тарткан чыгымды кайра төлөп берет. Мындай шарт деңиз жана дарыя жүк тартуусунда гана колдонулат.
м. 1. (зажиточность) оокаттуулук; жить в достатке оокаттуу жашоо; 2. достатки мн.разг. (доходы, имущество) киреше; мүлк; достатки их были средние алар орто чарба эле.
1. нареч. (в достаточной степени) бир топ, бир далай, жетишерлик, анчалык; достаточно сильный жетишерлик күчтүү; 2. нареч. (довольно, хватит) кой, болду, жетишет; достаточно, замолчите! жетишет эми, унчукпагыла!; 3. в знач. сказ. жетишет, жетишерлик; болот; этого было достаточно бул эле жетишерлик болчу.
Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү (Sufficiency of auditor evidence) —Аудитордун пикири негизденген тыянакты чыгарууга мүмкүндүк берген аудитордук далилдөөлөрдүн сандык жана сапаттык чаралары.
ДАЛИЛДИН ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮ (же алардын жыйындысы) – далилдерге карата мыйзам тарабынан коюлуучу талаптардын бир түрү; бир нерсени бекемдөө үчүн чогултулган далилдер ишенимдүү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет дегенди түшүндүрөт. Эгер мындай жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бербесе, анда ал далилдердин же алардын жыйындысынын жетишсиздигин көрсөтөт. Ошентип, жалгыз-жарым кыйыр далилдер дайыма жетишсиз болот, анткени ал далилденүүчү нерсе тууралуу ишенимдүү эмес, жоромол түрүндө гана жыйынтык чыгарууга алып келет. Бири-бирине карама-каршы т. а. аныктыгы талаш туудурган далилдер да (кызыкдар күбөнүн көрсөтмөсү, башка маалыматтар менен бекемделбеген тараптардын түшүндүрмөсү ж. б.) жетишсиз болуп саналат. Далилдердин жетишсиздиги кошумча далилдерди чогултуу жолу аркылуу жоюлмайынча, сот чечиминин негизине киргизилбейт.
Жетиштүү контролдук (The sufficient control) —Уюмдун алдыга койгон максаттарына жана милдеттеринин аткарылышына натыйжалуу негизде жетише тургандыгына бекем ишенимди камсыз кылган контролдук.
сов. 1. что (взять) алуу; достать книгу с полки текчеден китепти алуу; 2. что (приобрести) табуу; я достал замечательную книгу мен эң сонун китеп таптым; 3. чего, до чего (достичь, дотянуться) жетип алуу, бою жетүү, жетүү; достать до потолка потолокко жетүү; здесь дна веслом не достать ушул жердин түбүнө калак бойлобойт (терең); 4. безл. разг. (хватить) жетүү, жетишүү, жетишерлик болуу; сил у нас достанет биздин күчүбүз жетишет.
сов. кому 1. (при раздаче, разделе) калуу, энчисине тийүү; мне досталась от отца прекрасная библиотека мага атамдан эң сонун библиотека калды; 2. безл. разг. (получить нагоняй) жеме угуу, тил угуу, жазалануу; ему достанется за шалости ал тентектиги үчүн сазайын көрөт; 3. безл. разг. (выпасть на долю) убара болуу, далайды көрүү, азап тартуу; ну, и досталось нам во время пожара! ай, өрт убагында далайды көрдүк да!
ср. жетишилген, жетишкендик, жетишкендиктер; не останавливаться на достигнутом жетишкендиктерге канааттанып токтоп калбоо, жетишкендик менен чектелбөө.
сов. чего жетүү, жетишүү; достигнуть берега жээкке жетүү; достигнуть цели максатка жетүү; достигнуть успехов ийгиликтерге жетишүү; достигнуть совершенства мыктылыкка жетишүү (өз ишинде, кесибинде).
ср. 1. жетишүү; для достижения цели максатына жетишүү үчүн; 2. (успех) жетишкендик, натыйжа; достижения нашей промышленности биздин өнөр жайлардын жетишкендиктери; достижения науки и техники илимдин жана техниканын жетишкендиктери.
ДАЛИЛДИН ИШЕНИМДҮҮЛҮГҮ – чындыкка дал келиши боюнча, далилге карата мыйзам тарабынан коюлган талаптардын бир түрү. Д. и-нө ынануу – демек, күбөөнүн чындыкты айтып жаткандыгына, документтерде камтылган маалыматтардын чындыкка туура келишине, документ көчүрмөсүнүн түпнускага дал келишине ж. б. көзжетүү.
ср. 1. (моральные качества) нарк, кадыр, абийир; человеческое достоинство кишилик кадыр; он умеет держать себя с достоинством ал өз абийирин (наркын) сактай билет; 2. (положительное качество) бир нерсенин жакшы жагы, татык, татырдык; достоинство этой книги в правдивости и увлекательности изложения бул китептин жакшы жактары - чындыкты көрсөткөндүк жана кызыктуу жазылышы; 3. (стоимость) баа, нарк, татырдык, турардык; монета достоинством в двадцать копеек жыйырма тыйындык монета, баасы жыйырма тыйындык монета.
КАДЫР-БАРК (АБЫРОЙ) – өзүн-өзү жана башка инсандын абыроюн сыйлоону түшүндүргөн адеп-актык түшүнүк. К-б. – ал кишинин кандай экендигине жана да анын чөйрөсүндөгү адамдардын кандай кабыл алып, кандай баа бергендигине карабастан, анын жеке өзүнүн ажырагыс бөлүгү. Эгер адамдын кадыр-баркы менен К-б-ына шек келтирчү маалыматты тараткан жак анын чындыкка туура келе тургандыгын далилдей албаса, арбир жаран аны сот аркылуу жокко чыгарууну талап кылууга акысы бар. Конституциялык укук боюнча, К-б. – мамлекеттин инсанга карата түпкүлүктүү мамиле негизи жана анын укугунун жогорку социалдык баалуулук катары кабылдашы. КР Конституциясына ылайык, КРде адам К-б-ы баажеткис, колтийгис жана кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот.
friends (proper noun)
The webpage subheading for the view in Messenger that displays someone's friends and contacts that aren't friends but that can be interacted with in Messenger (those are often legacy entries).
Дос болуу, достук мамиле түзүү. Экөө бирдей ошондо күлүңдөшө колдорун кыса-кыса кармашып достошкон (Баялинов). Кайта келе жатканда, Достошомун Акканга («Курманбек»).
КЕНЧ (УЛУТТУК, ЖАЛПЫ, ЖАЛПЫ ЭЛДИК ) – кимдир бирөөнүн кандайдыр бир деңгээлде менчиги болгондугуна карабастан, бул же тигил объектинин (материалдык жана материалдык эмес) жалпы социалдык маанисин билдире турган тармактар аралык укук категориясы. Тигил же бул мүлктү (жер, жер катмары, маданият баалуулуктары ж. б.) коомдук (улуттук, дүйнөлүк) кенч катары таануудан улам, ал байлыкты мыйзамда каралган тартипте адамдардын кеңири чөйрөсүнүн пайдалануусуна, ошондой эле, баарыдан мурда, менчик ээсинин (эгер ээси бар болсо) ал мүлктү келечек муундар үчүн сактоону камсыз кылуусуна байланышкан белгилүү бир укуктук алкагын пайда кылат.
зат. Дос болуучулук, тилектештик, татуулук. Ай-ааламга жар салып жатабыз, Достук, тынчтык кызыл туусун көтөрө (Шүкүрбеков). Эл достугу темирдей бек (Шүкүрбеков).
Бирин-бири кадырлоого, тилектештикке, руханий жакындыкка, өз ара жардамдашууга ж. б. негизделген таттуу мамиле. Эл достугу темирдей бек, Элибиздин түбөлүк багы (Шүкүрбеков).
~, ая, -ое 1. чыгууга оңой (жеңил), барууга оңой (жеңил), жол (эшик) ачык; это вполне доступная вершина бул чыгууга оңой чоку; 2. (подходящий для многих) жалпыга эшик ачык; образование у нас доступно всем трудящимся илим алуу үчүн бизде бардык эмгекчилерге эшик ачык; 3. перен. (лёгкий для понимания) түшүнүгү жеңил, оңой (мис. китеп); 4. перен. (о человеке) элпек, жөнөкөй; 5. (о ценах) арзан, баасы анча көтөрүңкү эмес.