Русско-кыргызский словарь Юдахина
1. нареч. (в достаточной степени) бир топ, бир далай, жетишерлик, анчалык;
достаточно сильный жетишерлик күчтүү;
2. нареч. (довольно, хватит) кой, болду, жетишет;
достаточно, замолчите! жетишет эми, унчукпагыла!;
3. в знач. сказ. жетишет, жетишерлик; болот;
этого было достаточно бул эле жетишерлик болчу.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү (Sufficiency of auditor evidence) —Аудитордун пикири негизденген тыянакты чыгарууга мүмкүндүк берген аудитордук далилдөөлөрдүн сандык жана сапаттык чаралары.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДИН ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮ (же алардын жыйындысы) – далилдерге карата мыйзам тарабынан коюлуучу талаптардын бир түрү; бир нерсени бекемдөө үчүн чогултулган далилдер ишенимдүү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет дегенди түшүндүрөт. Эгер мындай жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бербесе, анда ал далилдердин же алардын жыйындысынын жетишсиздигин көрсөтөт. Ошентип, жалгыз-жарым кыйыр далилдер дайыма жетишсиз болот, анткени ал далилденүүчү нерсе тууралуу ишенимдүү эмес, жоромол түрүндө гана жыйынтык чыгарууга алып келет. Бири-бирине карама-каршы т. а. аныктыгы талаш туудурган далилдер да (кызыкдар күбөнүн көрсөтмөсү, башка маалыматтар менен бекемделбеген тараптардын түшүндүрмөсү ж. б.) жетишсиз болуп саналат. Далилдердин жетишсиздиги кошумча далилдерди чогултуу жолу аркылуу жоюлмайынча, сот чечиминин негизине киргизилбейт.