аял I ар. промедление; азыраак аял кыла тур подожди немного; аял кылбай жүрө көр отправляйся без промедления; астындагы Көктеке аял кылып турбады, аткан октой чурады фольк. (конь) Коктеке, что под ним, не медлил, помчался, как пущенная стрела. аял II ар. 1. женщина; колхозчу аял колхозница; аял оорулары женские болезни; 2. эвф. жена, супруга; аял жакшы - эр жакшы погов. жена хороша, (так и) муж хорош.
Iзат. Эркектин жубайы, жынысы жагынан эркектердин карама-каршысы. [Жүкөштүн].. аялы өзүнөн бетер эстүү киши (Сасыкбаев). Кандай аял тууду экен Лениндей уулду (Токтогул).
АЯЛIIзат. Токтолуп туруучулук, күтүп туруучулук, жай тартуучулук. Атка камчы урду эми, Аял кылбай жүрдү эми («Эр Табылды»).
аял-буялга келбей Баш-аягын жыйдырбай арыдан-бери, бир заматта, токтолбостон. Ашынган Оросул аял-буялга келбей, алка жакадан алып, көгөргөн Эсирди ээрге басты (Осмоналиев). Мунун аял-буялга келбей аттанганына караганда каардуу окуя бардай (Бейшеналиев).
медлить, мешкать; үч күн аялдай турсаңар, бирге барабыз если вы подождёте три дня, то мы отправимся вместе; аялдабай немедленно; атты минип алыңар, аялдабай салыңар фольк. садитесь на коней и немедленно отправляйтесь.
Кыргыз тилинде арап тилинен кирген эки омоним сөз бар: аял I «жайлоо, акырындоо» Астындагы Көктеке, аял кылып турбады, аткан октой чурады (фольклор); аял II «катын, зайып»; Аял жакшы – эр жакшы (макал).
Биринчисинен аялда «жайла, акырында» деген туунду этиш жасалып, андан «остановка» маанисиндеги аялдама деген сөз пайда болгон. Көрүнүп тургандай, мында «токтоо» деген маани жок, ошондуктан маани-маӊызды так бере албайт. Балким, ушул себептен улам көп колдонулбай, анын ордуна орусчасын айтып келе жаткандырбыз деген ой келет. Кызык жери, К.Юдахиндин 1965-жылы чыккан «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» бул сөз эмнегедир жок. Бирок мында токтоол «остановка, задержка» деген кызык сөз бар: токтоол кылбай жол жүрүп, ат аябай мол жүрүп (фольклор) (Юдахин 1965:744).
Көчөдө, жол боюнда автобустар, троллейбустар токтой турган жай. Токтоп, күтө турган жер. Экөө жамгырдан корголоп, аялдаманын далдасында турду (Турсунов). Аялдамага келип отура кетти.
возвр. отаялда-, то же, чтоаялда-; айылга такыр билинбей, аялданып илинбей, кеткен экен жүгүрүп фольк. совершенно незаметно для аула, не задерживаясь и не медля, он побежал.
АЯЛДАРДЫ ЖАНА БАЛДАРДЫ СООДАЛОО – эларалык мүнөздөгү кылмыш. ХХ кылымдын биринчи жарымында бул маселелер боюнча биркатар макулдашуулар түзүлгөн. Жыйынтыгында алар адамдарды сатууга жана үчүнчү жактардын сойкуларды пайдаланууларына каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун (IV) Башкы Ассамблеясынын 317-тескемесине ылайык 1949-жылы 2-декабрда кабыл алынган (1951-жылы 25-июлда күчүнө кирген) кол коюу үчүн ачык Конвенция менен алмаштырылган. Конвенциянын 1-жана 2-статьяларында анын катышуучулары күнөөлүү адамдарды жазага тартууга милдеттенишкен иш-аракеттер саналып көрсөтүлгөн.
АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫ – адамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үйбүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. эларалык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды).
понуд. отаялда- заставить подождать; ал сөздү аятып Көкчөгө аялдатып токтотуп фольк. сказал он слово (богатырю) Кокче, просил его повременить, остановиться.
АЯЛ МАНАСЧЫЛАР. Октябрь революциясына чейин аялдар эл алдында «Манас» айтып белгилүү болгону анчалык маалым эмес. Патриархалдык-феодалдык доордун заң-мыйзамына, адеп-ахлак, жүрүм-турум эрежелерине, аялдардын турмуштук жеке мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан объективдүү, субъективдүү себептер буга түрткү болгон. Мындан аялдардын «Манас» эпосунун пайда болушуна, өсүп-өнүгүшүнө чыгармачылык катышы болгон эмес деген бүтүм чыгарууга болбойт. Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам өнүктүрүп, зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат. Чындыгында эле Радлов жазып алган вариантта жана кийинки манасчылардын варианттарында Каныкейдин кошогу бар. М. Ауэзов бир катар ынанымдуу аргументтер менен «Манастын» түпкү өнүгүшүндө кошоктун кыйла роль ойногонун белгилеген. Чындыгында эпосто чагылдырылган тарыхый окуялар прототип болгон инсандардын өмүр баяны өздөрү күбө болгон, аларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз. Чыгармачылык мындай салттын издери эпосто бүгүн да даана сакталган. Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартып өзү күбө болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет (Саякбай Каралаевдин варианты); Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса (Сагымбай Орозбаковдун варианты), көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, «Манас» эпосунун өз фактыларынан көрүнгөндөй Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат. Улуу Манасчы Саякбай Карала уулунун эң алгачкы устаты чоң энеси Дакиш болгон. Ал киши элдик чыгармалардын, анын ичинде «Манастын» бал-шекер даамын болочок манасчы — кичинекей небересине таттырып:
Беренжини жамынып,
Береги, Бээжин минээр мал экен.
Карыпчыны салынып,
Кангай минээр мал экен.
Дегениме көн бурут,
Мааникерди бер бурут.
Мааникерди бербесең.
Тарткан этиң жебеймин.
Андай-мындай дебеймин
Ашыңа апаат кыламын,
Айдап жүрүп кырамын,
— деп Суранчы жана башкалар манасчылардан уккан «Манасынын» эсте калган ыр саптарын небересинин кулагына куя берген. Саякбай Карала уулу «Манастын» кара сөз түрүндөгү толук сюжетин чоң энеси Дакиштен уккан. Бул факт «Манастын» эл ичинде жашап, өсүп-өнүгүшүнө аялдар да ар дайым зор салым кошуп келгенин, алар эркек манасчылардай эле эл алдына чыгышпаса да, өздөрүнө ылайык чөйрөдө улуу дастанды айтып келишкенин эң сонун кабарлап турат. Октьбрь революциясынан кийин аялдардын теңдикке жетиши, алардын жалпы элдин алдында «Манас» айтып чыгууга мүмкүнчүлүк ачты. Азыр алардын ар кандай сынактарга, кароолорго, үналгы-сыналгы берүүлөрүнө катышуусу адаттагы көрүнүшкө айланды. Аялдардын ичинде Сейдене Молдоке кызы сыяктуу чыныгы манасчылык деңгээлге өсүп жеткендери да бар (к. Сейдене).
Р. Сарыпбеков
Бүлөлүү, көп балалуу. Тотойго окшогон жаш аялметке бергиле, мен өзүм эле эптеп оокат кылам, – дейин деди эле, бирок ошого батына албай мукактанып сүйлөй албады (Айтматов).