Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эркектин жубайы, жынысы жагынан эркектердин карама-каршысы. [Жүкөштүн].. аялы өзүнөн бетер эстүү киши (Сасыкбаев). Кандай аял тууду экен Лениндей уулду (Токтогул).
АЯЛ II зат. Токтолуп туруучулук, күтүп туруучулук, жай тартуучулук. Атка камчы урду эми, Аял кылбай жүрдү эми («Эр Табылды»).