остановка (напр. автобусная)
Кыргыз тилинде арап тилинен кирген эки омоним сөз бар: аял I «жайлоо, акырындоо» Астындагы Көктеке, аял кылып турбады, аткан октой чурады (фольклор); аял II «катын, зайып»; Аял жакшы – эр жакшы (макал).
Биринчисинен аялда «жайла, акырында» деген туунду этиш жасалып, андан «остановка» маанисиндеги аялдама деген сөз пайда болгон. Көрүнүп тургандай, мында «токтоо» деген маани жок, ошондуктан маани-маӊызды так бере албайт. Балким, ушул себептен улам көп колдонулбай, анын ордуна орусчасын айтып келе жаткандырбыз деген ой келет. Кызык жери, К.Юдахиндин 1965-жылы чыккан «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» бул сөз эмнегедир жок. Бирок мында токтоол «остановка, задержка» деген кызык сөз бар: токтоол кылбай жол жүрүп, ат аябай мол жүрүп (фольклор) (Юдахин 1965:744).
Көчөдө, жол боюнда автобустар, троллейбустар токтой турган жай. Токтоп, күтө турган жер. Экөө жамгырдан корголоп, аялдаманын далдасында турду (Турсунов). Аялдамага келип отура кетти.