1. мышь; сокур чычкан слепыш (зверёк); арыс чычкан горностай; сары чычкан суслик; тыйын чычкан белка; момолой чычкан крот; мен турганда бу жерде той-аш үчүн чычкан мурду канабайт при мне здесь для пиров и поминок не будет зарезано ни одной скотины (букв. морда мыши не окровавится); бир байдын журтун эки чычкан талашат погов. старое пепелище бая оспаривают друг у друга две мыши (когда два человека заводят тяжбу из-за пустяков); чычкан изи 1) след мыши; 2) перен. название вышивного узора; 2. год мыши (см.жыл I 2); чычканга кебек алдырбаган скупой хитрец (такой, что мыши не позволит отрубей украсть); көк чычканы бар или кара чычканы бар (о человеке) незадачливый.
зат.1. Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык. Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой (Жантөшев).
2. Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты. Чычкан жылы. Арсчычканжеарысчычкан — жүнү ак, куйругунун учу кара, териси баалуу анча чоң эмес жырткыч жандык. Козунун чоңдугу арс чычкандай эле (Баялинов). Тыйынчычканк.тыйын. Чычканмурдужоргологус — калың, өтө жыш, чытырман. ..Майда бүчүрлөр бири-бирине чырмалышып, чычкан мурду жоргологус болуп бүтөлүп калган («Ала-Тоо»). Чычканмурдунканатпоо — эч нерсе сойбоо; кан чыгарбоо. Таптатынакай кызын узатып жатып,.. чычкан мурдун канатып койбоптур а! (Абдукаримов).
mouse (noun)
An input device with the following features: a flat-bottomed casing designed to be gripped by one hand; one or more buttons on the top; a multidirectional detection device (a ball, laser or optical device) on the bottom; and a cable or wireless connection to the computer.
Байыркы түркчө сычкан аталган сөз өзбекче да сычкан болсо, казакча тышкан, кыргызча чычкан болуп айтылат. Э. В. Севортян бул сөздү чыч «жылт коюу» деген этишке -кан мүчөсү жалгануудан келип чыккан деп эсептейт (Севортян, 1, 41). Биздии оюбузча, булардын ичинен казакча тышкан дегени алгачкысына жакын формасы деп эсептөөгө болот. Анын тыш уңгусу байыркы түрктилинде «тиш» дегенди билдирген, -ган – «жаныбар» деген маани билдирген мүчө. Ошондо байыркы тышкан сөзү «тиштүү жаныбар» дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Кийин ошол тышкан сөзүнүн т тыбышы ч тыбышына жана с тыбышына, ш тыбышы ч тыбышына алмашуудан чычкан, сычкан варианттары келип чыккан. Мындай аты чычкан тиши менен капты, терини тешип кетишине байланышту болуу керек.
Абдан зыкым, аябагандай сараң, өтө сак. Чычканга кебек алдырбаган немелерди качанга чейин имерчиктейбиз, баары бир булардан эч нерсе чыкпайт (Ш.Үмөталиев). Чычканга кебек алдырбаган зыкым байлар ушу сууну да бизге ыраа көрбөй, колунан келсе булак башына таш бастырып, мөңгүдөн кулаган сууну бөгөп, пулга алмаштыргандан кайра тартышпайт го (Матисаков).
mouse wheel (noun)
A hard plastic disc on a mouse that is perpendicular to the mouse surface. It is normally located between the left and right mouse buttons and is used for scrolling.
mouse shortcut (noun)
A predefined command for a single mouse click or a double mouse click, with or without a modifier key, that can be used to perform a task.
1. Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык. Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой (Жантөшев). 2. Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты. Чычкан жылы.
Абдан калың, өтө жыш, чытырман. Бир туруп ал чычкан мурду жоргологус бадал этегин көбөөлөгөн токойго барат (Медетов). Майда бүчүрлөр бири-бирине чырмалышып, чычкан мурду жоргологус болуп бүтөлүп калган («Ала-Тоо»). В.: Чычкан мурду жөргөлөгүс. Ал беш квадрат километр жердеги чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой, таш жана кумдуу жээкте турат («Кыргызстан маданияты»). Чычкан мурду өткүс. Көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал (Касымбеков).
к. ЧЫЧКАН МУРДУ ЖОРГОЛОГУС
Ал беш квадрат километр жердеги чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой, таш жана кумдуу жээкте турат («Кыргызстан маданияты»).
Эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпасаң уят эмеспи (Бейшеналиев). Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур (Абдукаримов). Короодо малы толуп турса да чычкан мурдун канатып көргөн жан эмес («Ала-Тоо»).
Мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпасаң уят эмеспи (Бейшеналиев). Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур (Абдукаримов). Короодо малы толуп турса да чычкан мурдун канатып көргөн жан эмес («Ала-Тоо»).