ЧЫЧКАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түркчө сычкан аталган сөз өзбекче да сычкан болсо, казакча тышкан, кыргызча чычкан болуп айтылат. Э. В. Севортян бул сөздү чыч «жылт коюу» деген этишке -кан мүчөсү жалгануудан келип чыккан деп эсептейт (Севортян, 1, 41). Биздии оюбузча, булардын ичинен казакча тышкан дегени алгачкысына жакын формасы деп эсептөөгө болот. Анын тыш уңгусу байыркы түрктилинде «тиш» дегенди билдирген, -ган – «жаныбар» деген маани билдирген мүчө. Ошондо байыркы тышкан сөзү «тиштүү жаныбар» дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Кийин ошол тышкан сөзүнүн т тыбышы ч тыбышына жана с тыбышына, ш тыбышы ч тыбышына алмашуудан чычкан, сычкан варианттары келип чыккан. Мындай аты чычкан тиши менен капты, терини тешип кетишине байланышту болуу керек.